Россиянын башчысы Сергей Лавров анын жыйынтыгы боюнча брифинг өткөргөнүн РИА Новости жазды.
Биз урунттуу учурларын беребиз.
Кремлге дрондор менен болгон чабуул тууралуу
Лавров Киев менен Вашингтондун Кремлге кол салуу боюнча айткандарына ишенбөөгө чакырды. Алардын чабуулга тиешеси бар экенин четке кагышы ага ишенүүгө болот дегенди билдирбейт. Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин президент Путиндин Кремлдеги резиденциясына пилотсуз учак менен жасалган кол салууга карата берген баасына көңүл бурган.
"Вашингтондун мамилесине токтолсок, мен Тони Блинкендин АКШ Украинага эгемендүүлүктү коргой турган өз ыкмаларын үйрөтпөйт деген сөзүнө көңүл бурдум. Бул баарын ачыктап тургандай", — деди Лавров.
ТИМ башчысы жакында болгон чабуул ачык эле душмандык аракет экенин жана буга Россия жооп берерин белгилеген.
Ошол эле учурда ШКУга мүчө бир катар өлкөлөр пилотсуз учактар менен жасалган чабуулду сынга алганын айткан.
Украина боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
Лавров Россия Батыш менен сүйлөшүүгө даяр экенин, эртеби-кечпи, сүйлөшүүлөр болорун айткан. Бирок сүйлөшүү Владимир Зеленский менен эмес, анын кожоюндары менен болорун белгилеген.
"Мунун баары Батыш башкарып алган Зеленский менен эмес, түздөн-түз анын кожоюндары менен чечилип жатат. Биз диалогго көптөн бери даярбыз, биздин сунуштарыбыз 2009-жылы дагы, 2021-жылы дагы киргизилген... Батыш текеберленип баш тартты, бирок бул тема боюнча сүйлөшүүдөн жана бардык көйгөйлөрдү чечүүдөн качуу мүмкүн эмес, эртеби-кечпи, ишке ашат", — деген Лавров журналисттерге.
Ал кептин баары Батыш түзгөн геосаясий маселеде экенин кошумчалаган.
Источник: https://sputnik.kg/20230505/indiya-shku-zhyjyny-rf-tim-bashchy-sergej-lavrov-1075046311.html