Буданов буга чейин Yahoo News порталына курган маегинде "Украинанын толук жеңишине чейин орустарды дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан өлтүрөбүз жана өлтүрө беребиз" деп айткан. Ал порталдын россиялык саясат таануучу Дарья Дугинанын өлтүрүлүшүнө Украина тараптын тиешеси болушу мүмкүндүгү боюнча суроосуна ушинтип жооп берип, бул теманы улантпоону өтүнгөн.
"Буданов мырзанын бул билдирүүсү президент Путиндин атайын аскердик операцияны баштоо чечиминин тууралыгын дагы бир жолу тастыктады", — деген Песков журналисттерге.
Маалымат катчынын айтымында, бул көрүнүш Киев режимине дагы бир маанилүү мүнөздөмө берет.
"Биз мындай билдирүүлөрдү чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Бизде мындай билдирүүлөргө карата бардык тиешелүү аракеттерди көрө турган атайын кызматтар бар. Мындан эч ким күмөн санабаса болот", — деп кошумчалады Песков.
Мындан тышкары, Москва Европанын, өзгөчө Вашингтондун бул билдирүүгө карата реакциясына дыкат көңүл бура тургандыгын белгилеген.
"Киевдин мындай террордук билдирүүлөрү айыпсыз калышын элестетүү өтө кыйын", — деген маалымат катчы.
Источник: https://sputnik.kg/20230508/rossiya-ukraina-chalgyn-kyzmaty-atajyn-operaciya-1075121859.html