Ведомствонун маалыматына ылайык, киевдик режим Артемовск шаарында жеңилгенден кийин жай тургундарга каршы террордук акцияларды уюштурууга өткөн.
"22-майда украиналык улутчул топтор Белгород облусунун Грайворонск районундагы эл аралык "Козинка" өткөрүү пунктуна жана башка жарандык объектилерге артиллериялык аткылоолорду интенсивдүү жүргүзүп, Россиянын аймагына кол салышкан", — деп жазылат маалыматта.
Контртеррордук операциянын жүрүшүндө авиациялык, артиллериялык соккулар жана аскер күчтөрүнүн активдүү аракеттеринин натыйжасында улутчулдук топтор курчоого алынып, таш-талканы чыгарылган. Калгандары Украинанын аймагына сүрүп чыгарылып, ошондон ары жок кылынган.
"70тен ашуун украин террорчусу, төрт аскердик ок өтпөс машина жана беш пикап жок кылынды", — деп билдирди ведомство.
Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Белгород облусундагы украиналык диверсиянын максаты – Бахмут багытынан алагды кылып, украин тараптын Артемовск жоготуусунда саясий натыйжаны азайтуу экендигин белгилеген.
Источник: https://sputnik.kg/20230523/belgorod-ukrainalyk-diversanttar-zhok-kylyndy-1075577206.html