"Мүчө мамлекеттер бизге 10 миллиарддын эсебин көрсөтүштү, бул күтүлгөн нерседен бир топ эле көп болууда", — деп айткан Жозеп Боррель Коргонуу министрлеринин Брюсселдеги отурумунун алдында.
Бюджеттен сырткары Европалык фонд (European Peace Facility, EPF) 2021-жылдын март айында эл аралык коопсуздукту бекемдеп жана чатактардын алдын алуу үчүн түзүлгөн. Уюм 2021–2027-жылдар арасында 5,7 миллиард еврону жумшайт деп каралган. Анткен менен фонддун каражатынын басымдуу бөлүгү ЕБдин мүчө мамлекеттери тарабынан Украинага жардам бергени үчүн компенсация катары ээленип кеткен.
Буга чейин Боррель фонддун каражатын колдонуп Украинага ок-дары берүүнү каржылоого дагы кошумча миллиард евро бөлүүнү сунуштаган.
Источник: https://sputnik.kg/20230523/evropalyk-fonddun-akchasyn-koboytuu-zaryldygy-aytyluuda-1075577933.html