Абактагы журналист Жанболат Мамай менен 21-февралда жолугушкан адвокаты Жанара Балгабаева ага абакта кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. Алматы соту 20-февралда Мамайды эки айга камаган чечимди өзгөртүүсүз калтырган.
Адвокаттын айтымында, аны өткөн жумада абактагы жалпы камерага которушкан жана ошол жерде кысымга алынган. Мамай абакта “физикалык жана моралдык кысымга алынганын” адвокатына билдирген.
Жанара Балгабаева журналистти башка камерага жайгаштыруу өтүнүчү менен убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигине кайрылды.
Буга чейин «Саяси калам. Трибуна» гезитинин журналистти Инга Иманбай Мамай өз өмүрүнөн коркуп, башка камерага которууну сурап жатканын билдирген.
Жанболат Мамай отурган абактын башчысы Бакытжан Баймагамбетов Мамайга басым жасалды деген маалыматты четке какты. Ошол эле маалда журналисттин арызы каралып жатканын баса белгиледи.
“Саясий калам” гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Жанболат Мамай 10-февралда кармалган. Ал арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталган. Журналист айыптоону четке кагып, куугунтуктоонун максаты гезиттин чыгышына тоскоолдук жасоо деп атаган. Укук коргоочулар Жанболат Мамайды камакка алууну айыптап, аны бошотууну талап кылышууда.