Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы үзгүлтүккө учураганына байланыштуу Тажикстандын "Сомон эйр" компаниясынын коммерциялык директору Алишер Рустамов кызматынан бошотулду.
"Сомон эйрдин" 21-февралдагы маалымдоосуна караганда, Рустамов жана анын кызматкерлери Ташкент аба майданын тийиштүү документтер менен камсыздаган эмес. 1992-жылдан бери токтоп турган Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы боюнча биринчи учак 20-февралда учушу керек эле. Бирок ал акыркы сааттарда токтотулган. "Сомон эйрдин" маалыматы боюнча, каттам жакынкы аралыкта калыбына келтирилет.
Эки өлкө ортосундагы аба каттам 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтотулган.