Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Зеленскийди тартипке чакырышты. Украина айланасындагылар үчүн кооптуу болуп баратат

Дүйнө жаңылыктары / Коопсуздук / Аналитика
776
0
Михаил Катков

Мындай кайым айтышуулардын аягы эмне менен бүтөрүн Михаил Катков боолголоп көргөн. Автордун мындай мазмундагы макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөгөн Польша президенти Анжей Дуда Украинаны өз куткаруучуларын түпкүргө тартып жаткан "сууга чөгүп бараткандарга" салыштырды. "Аларга капа болуунун кажети барбы? Албетте, бар. Ал түгүл кыжырданууга да болот", — деп белгиледи Дуда. Ошону менен бирге эле Польша "сууга чөккөндөн" коргонууга ниеткер экенин кошумчалады.

Зеленский да ошол эле трибунадан Европада "айрымдар эгин менен камсыздоону триллерге айлантып, саясий театрда шериктеш катары оюн аткарышканы" катуу кооптондурарын билдирди. Андай аткаруучулар Россияга эрксизден кол кабыш кылып жатышкан имиш.

Кеп кимдин дарегине айтылганы айдан ачык болуп турса да Варшаванын өкүлү Петр Мюллер: "Сөз биз жөнүндө эмес деп үмүттөнөм", — деп койду. БУУнун Башкы Ассамблеясынын чегинде Зеленский менен Дуда жолугушкан жок. Эки тараптын лидерлери Нью-Йоркто сөз сүйлөп жаткан маалда Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Качка Польшадан пияз, помидор, капуста жана алма импорттоого тыюу салынганын маалымдады. Мындай кадам украиналык эгин, ун жана дан азыктарына салынган эмбаргого жооп иретинде жасалды.

"Украина бизге таасир эте албайт", — деди дароо Польшанын Европа биримдиги боюнча министри Шимон Шинковский вель Сенк. Варшавалык эксперттер украиналык эгинден сальмонелл, пестицид жана миотоксиндерди таап чыкты. Аталган европалык мамлекеттин башкы ветеринары Украинадан импорттолгон азыктарда зыяндуу заттар январдан май айына чейин аныкталган.

Шинковский вель Сенк Польша Киевди колдоосун басаңдатууга даяр экенин эскертти. Бул – коомчулуктун талабы, буга сурамжылоолор далил. Варшава университети жакында эле "Украинадан качкындарды, мигранттарды жана Польша мамлекетинин аракеттерин социалдык кабылданышы" деген сурамжылоолордун жыйынтыктарын жарыялады. Январдагыга караганда май айында украиналыктарга карата мамиле 13 пайызга начарлаган. Көпчүлүгү келгиндер алардан жумуштарды тартып алып жатат деп эсептейт.

Премьер-министр Матеуш Моравецкий курал менен жабдуу токтотуларын кабарлады. Баарынан оболу өз коопсуздугун ойлонуу абзел: Европада эң күчтүү түзүмдөрдүн бирине айлантуу үчүн армияны заманбапташтыруу кажет.

Өз кезегинде айыл чарба министри Роберт Телустун айтымында, Варшава Киевдегилер эгин эмбаргосуна моюн сунмайынча Украинанын европалык интеграциясына макулдук бербей турганы анык. Польшалык министр Европа биримдигине кошулуу үчүн Киев буга кайыл болот деп эсептегенин да жашырбады. Мюллер экономикада ар ким өз киндигин өзү кесерин да жашырбады.
Өлкөдөн эмне күтүп жатышат?

Украиналык жана польшалык медиасаясатчылардан кем калышпайт. Do Rzeczy басылмасы Варшаваны ыраазы кылуу үчүн Киев өзүн кандай алып жүрүшү керектигин сүрөттөп жазды. Биринчиден, Европа биримдигинде Украина Франция менен Германияга эмес, дал Польшага таянат. Экинчиден, эгиндин айынан Дүйнөлүк соода уюмун сотко берүүдөн баш тартуу зарыл. Мындан тышкары, Степан Бандерге карата мамилени кайра карап чыгууну талап кылышат. Жалпысынан Do Rzeczy басылмасы Польша жетиштүү өлчөмдө көмөктөштү, ошондуктан мындай нерселерди талап кылууга акылуу деп эсептейт. Антпесе басылма киевдик бийлик "ар качан жана эч кандай шартсыз колдой беришет" деген ойдо калышарын эскертет.

Юлиуш Мерошевский атындагы Диалог борборунун башчысынын орун басары Лукаш Адамский "Украиналык чындык" басылмасындагы макаласында Киевдегилер Польша өкмөтү ички саясий жоготууларына карабай көрсөтүп жаткан жардамдын масштабын аңдабай жатышканы белгиленген. Ошондой эле ал Украина козголоңчу армиясынын Волынь кыргыны үчүн жоопкерчиликти алуудан баш тартканын да эскертти.

"Украиналык чындык" басылмасы Украина козголоңчу армиясын соттоо туурасында сөз да болушу мүмкүн эмес. Поляктар советтик НКВД менен салгылашта каза болгон украиналык "баатырлардын" элесин эскерүүгө тийиш деген тейдеги макала жарыялады. Мындан сырткары, эгер Варшава прагматикалык алакаларды түзүүгө умтулушса, анда эч ким каршы эмес. Бирок анда өз аграрийлерин коргогондоруна таң калыштын кажети жок.

Эч нерсе түбөлүк эмес

КМШ өлкөлөр институтунун жетекчисинин орун басары Владимир Жарихин жаңжал дагы ырбап кетиши ыктымал деп боолголойт, бирок бул негизинен Польшадагы парламенттик шайлоого байланыштуу.

"Польшалык рынокко "толгон" Украина даны башкаруучу "Укук жана адилеттүүлүк" партиясынын шайлоочуларынын экономикалык абалын кыйла начарлатты. Алардын көпчүлүгү айыл жергесин байырлашат. Ошондой эле эмгек рыногундагы кырдаал да качкындардын агымынан улам курчуп барат. Бул — эң оболу калаалардын көйгөйү. Андан улам Киевди сынга алуу менен бийлик да элдин колдоосуна татууда", — дейт эксперт.

Россия өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин аналитиги Денис Денисов: "Варшавада саясатчылардын бир даары Украинанын айрым райондору польшалык территориядан мыйзамсыз кертип алынган деген пикирди карманышат. Эки тараптуу алаканын бүтүндөй тарыхы бири-биринин жарасы козголо тургандай окуяларга жык. Украиналыктар поляктар менен көп согушкан", — деп белгилейт.

Эксперттер аталган өлкөдөгү шайлоодон соң эки тарап тең эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп коеру да ажеп эмес экенин айтышат. Алардын талаш-тартышы бөлөк сөз, ал эми Украина негизги ролду ойногон Батыш менен Россиянын тиреши таптакыр башка кеп.

* Россияда ишмердигине тыюу салынган террордук уюм

Источник: https://sputnik.kg/20230924/zelenskiydi-tartipke-chakyryshty-1078880305.html 
скачать dle 11.0фильмы бесплатно