Стокгольмдогу терактка шектелип жаткан 39 жаштагы Өзбекстандын жараны Рахмат Акилов буга чейин Швеция бийлигине өлкөдө туруктуу жашоо макамын берүү өтүнүчү менен кайрылган. Өтүнүчү четке кагылган соң депортациядан качып жүргөн адам катары ага издөө жарыяланган.
Стокгольмдо 7-апрелдеги террористтик кол салууга тиешеси бар деген шек менен эки адам кармалган. Алардын бири «Ислам мамлекети» террористтик тобунун идеаларын жактап келген Өзбекстандын 39 жаштагы жараны. Полиция ал Швеция борборундагы кылмышка түздөн-түз катышкан деп эсептөөдө.
"2014-жылы ал өлкөдө туруктуу жашап туруу макамын сурап кайрылган, бирок 2016-жылы июнда анын өтүнүчү четке кагылган. 24-февралда депортациядан качып жүргөн адам катары ага издөө жарыяланган", – деди Стокгольм полициясынын өкүлү Ян Эвенссон.
Полициядан шектүү экстремисттик уюмдарга, анын ичинде «Ислам мамлекетине» жантартып келгенин белгилешти. Швециянын укук коргоо органдары анын ыктымал шериктерин издөө иштерин улантып жатышат. Ян Эвенссон теракт боюнча «бештен кем эмес» киши кармалганын билдирди.
Кол салуудан төрт адамдын, анын ичинде эки швециялык, бир британиялык жана бир бельгиялык жарандын өмүрү кыйылган. Жаракат алган он адам дагы деле ооруканада, алардын төртөөсүнүн жарааттары оор.
7-апрелде Стокгольмдо жүк ташуучу автоунаа элди тебелеп, андан кийин соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Анын айдоочусу жашырынып калууга үлгүргөн.