Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 28-июнда КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлерин кабыл алды. Жолугушуу учурунда аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери талкууланды. Тажикстанда КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтүүдө.
Президент менен жолугушуу маалында Тажикстан жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү түзүмдөрүнүн терроризм, экстремизм уюшкан трансулуттук кылмыштуулук, маңзатын мыйзамсыз жүгүртүү, жарандардын экстремисттик топторго кошулуп кетүүсүнө каршы бирге күрөшүү маселелери талкууланды.
Эмомали Рахмон КМШнын күч түзүмдөрүн эл аралык коркунучтарга жана чакырыктарга аёосуз күрөшүүгө чакырды.
Жолугушуунун катышуучулары кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программа кабыл алышат. Жыйынга Орусия, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин ички иштер министрлери катышууда.