Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:55
Пирматов мас айдоочуларды күбөлүктөн биротоло ажыратууну сунуштады
10:47
"Ала-Тоо" аянтындагы митингчилер милиционерлер менен жулкулдаша кетти
10:41
Митингге чыккандардын көбү урнага басып барып түкүрүп жатышат. Сүрөт
17:20
Роналду Италияда дарыланган кыргызстандык кызга учурашып, абалын сурады. Сүрөт
13:20
Депутат кечирим сурасын! ЖКдан чыгарылган аткаминер боюнча соцтармактагы пикирлер
16:14
ЖМК: Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Тегеранда кулап түштү
16:08
Чыңгыз Айдарбеков Норвегияда жашаган мекендештер менен жолугат
14:20
Бишкекте жол кире эмне үчүн кымбаттайт. Мэриянын жообу
14:11
Иштеп, үй-бүлөнү баккан жакшы! Маршрутка айдоочулары видеокайрылуу жасады
11:06
Бишкекте учактын 4,5 саатка кармалышынын себеби айтылды
10:55
Каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштайт
10:43
Бишкек: коомдук транспортто колдонулчу электрондук билетке тендер жарыяланды
13:08
Оңолот деген ушу! Түкүрүү үчүн колуна чака көтөрүп алган жигиттин видеосу
13:05
Көчөдө түкүрүнгөн эки милиционер изделип жатат
13:00
Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен Индияга учпай турган болду
12:56
Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды
12:54
Бишкектин маршрутка айдоочулары митингге чыгар-чыкпасын айтты
12:45
Өзбекстанга караңгылатылган айнек менен баргандар айыпка жыгылмай болду
18:11
Гендер боюнча эксперт Гульсана Абытова: “Боюнда бар деген жасалма справка жасатып алып, 18ге чыга элек кыздарын турмушка бергендер көбөйдү”
16:54
Боронов акыркы 9 жылда Кытайдын канча жараны КР жарандыгын алганын айтты
12:42
Кыргызстан 90 миң долларга суюк азот иштеп чыкчу жабдуу сатып алды
12:29
УКМК: Сапар Исаков ТЭЦти оңдоодо мамлекетке 111 млн. доллар чыгым келтирген
11:21
ОСАГО полисин албагандарды айыпка 7-августтан тарта жыгуу сунушталды. Себеби
10:04
ОСАГО: камсыздандыруу компанияларынын даректери жана телефондору
10:03
Премьер: түкүрүк боюнча айыпты карап чыгыш керек. Видео
11:46
Бишкекте троллейбус менен автобустун айдоочусу мушташкан окуянын чоо-жайы
10:11
ОСАГО тутуму кантип иштейт? Мамфинкөзөмөлдүн түшүндүрмөсү
10:08
Жети батирди бөлүшө албай түрмөгө түшкөн бир туугандар. Адвокат менен маек
10:03
Үч күн ичинде 15 мас айдоочуга ири көлөмдө айып пул салынды
10:00
Таластагы жол кырсыктан айдоочунун 2 жашар кызы менен жүргүнчү аял набыт болду
14:53
Жаңырган мыйзам жаңы тартип орното алабы?
13:42
Мынча киреше табам деп ойлогон эмесмин. Бишкектик айымдын бизнестеги баяны
13:40
Импотенция жаш-карыга карабайт. Оорунун себептери тууралуу
13:38
Ысык-Атада жаш келиндин сөөгү табылды
13:37
Абылгазиев: айып пулдун жогорулатылышы - кырсыктын алдын алуу чараларынын бири
13:24
Кыргызстанда канча киши жашайт, канчасы бала, канчасы жакыр? Статкомдун отчету
11:10
Мас болуп айдасаңыз эми... 55 миң сомго чейин айып төлөйсүз. Жаңы эреже күчүнө кирди
14:58
Балага сүйүнчү эки күндүн ичинде бир эле документ менен бериле баштайт
14:51
Жаңы жылда борбордук аянтта 2 миңден ашык милиционер кызмат өтөйт
09:55
Прокуратура: Улуттук университеттин кызматкерлери 1,5 млн. сомду кымырып алган
09:30
Ажылык-2019: кыргызстандыктарды ташый турчу авиакомпаниялар тандалат
09:24
Бишкекте жол кырсыгы көп катталган кесилишке жол чырак орнотулду
09:10
Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлү делген киши сот өкүмүнө нааразы. Сот иши уланат
15:26
Согушта көз жумган аталардын бейитине бара албай... ЖКда маселе көтөрүлдү
15:24
Парламентте Ысык-Көл визасын киргизүү сунушталды
Бардык кабарлар

Уйкусуз түндөр алдыда... Футбол чемпионатынын тарыхынан майда-чүйдөсүнө чейин

Дүйнө жаңылыктары
300
0

Россияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталарына саналуу сааттар калды. Бул күндү өзгөчө футбол ышкыбоздору чыдамсыздана күткөнү талашсыз. Эми бир айга чукул уйкусуз түндөр алдыда турат. Дүйнө чемпионатындагы кызыктуу фактылар, алдыдагы мелдештер тууралуу спорттук баяндамачы, колумнист Кабыл Макешов учкай баяндайт.

14-июндан 15-июлга чейин өтчү мелдештер үчүн Россиянын Москва баштаган 11 шаарында 12 стадион камдалып, камылга шайма-шай көрүлдү. Москва шаарында ("Лужник жана "Спартак), Санкт-Петербург ("Санкт-Петербург" стадионунда), Калининград ("Калининград"), Казань ("Казань Арена"), Сочи ("Фишт"), Екатеринбург ("Екатеринбург Арена"), Ростов-на-Дону ("Ростов Арена"), Волгоград ("Волгоград Арена"), Нижний Новгород ("Нижний Новгород" стадиону), Саранск ("Мордовия Арена"), Самара ("Самара Арена"). 

  • Стадион Лужники в Москве
  • Стадион Спартак
  • Стадион Санкт-Петербург
  • Стадион Калининград Арена
  • Стадион Ростов Арена
  • Вид на мост Миллениум и стадион Казань-Арена
  • Стадион Фишт в Сочи
  • Екатеринбург Арена
  • Стадион Волгоград Арена
  • Стадион Нижний Новгород
  • Вид на стадион Мордовия Арена со обзорной площадки на центральной площади Саранска
  • Футбольный стадион «Самара Арена»
1 / 12
© SPUTNIK / МАКСИМ БЛИНОВ
Москва шаарындагы "Лужники" стадиону

Дымагы күчтүү атаандаштар

"А" тобунда: Россия, Сауд Аравия, Египет, Уругвай

"В" тобунда: Испания, Португалия, Иран, Марокко

"C" тобунда: Франция, Перу, Дания, Австралия

"D" тобунда: Аргентина, Хорватия, Исландия, Нигерия

"F" тобунда: Германия, Мексика, Швеция, Түштүк Корея

"G" тобунда: Англия, Бельгия, Тунис, Панама

"Е" тобунда: Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия

"H" тобунда: Польша, Колумбия, Сенегал, Япония 

Официальная жеребьевка чемпионата мира по футболу 2018
© SPUTNIK / АЛЕКСАНДР ВИЛЬФ
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттагы командалардын каршылаштары

 

 


"А" тайпасында
 талаа ээлери орустар менен дүйнөнүн эки жолку экс-чемпиону Уругвай жана Сауд Аравия командалары ойнойт. Ошондой эле мыктыларды тандоо элегинен өтүп, тайпалык оюндарга 1934-жылы, анан 1990-жылдары гана чыккан Египет да бар. Ошон үчүн көпчүлүк Россияга ийгилик жылмайышы мүмкүн деп турат. Акыркы жылдары дурустап оюн көрсөтө албай, күйөрмандарынан тил угуп келген орус футболчулары үчүн чемпионатты өткөрүп жатканына байланыштуу иргеп алуу мелдештерине катышпай токтоосуз эле тайпага кошулганы да чоң олжо болду. Ушуларды эске алганда Россия чейрек финалга жетип калышы ыктымал. Бирок финалга чыгышы күмөн.

 

Кызыгы, 1964, 2008, 2012-жылдары Европа чемпионатын, дүйнөлүктү бир ирет уткан Испания "B" тайпасына туш болду. Атаандашы ким болорун уккан португалиялыктардын шаабайы сууй түшкөндөй болду. Чынында Европанын учурдагы чемпиону португалдар деле оңой жоо эмес. Португалияга каршы ойной турган испандардын деле жүрөгү болкулдап турган учур. Ошол эле маалда көп учурда тандоо турунан өтпөгөн, өтсө да тайпадан суурула албаган Иран менен Мароккону футбол күйөрмандары европалык фавориттерге тең ата көрбөй турушат.

Дүйнө чемпионатына жөндөн жөн эле кошулуп калган команда жок. Баары тандоо мелдештерден иргелген күчтүү топтор. Футболдо күтүүсүз нерселер да болушу ыктымал. Ошентсе да башкы фаворит Франция менен дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Германия болот деп божомолдогондор арбын. Себеби, француздар өз тайпасынан оңой чыкчудай көрүнөт.

Ал эми тайпалардан "F" тобунда өтө күчтүү командалар топтолуп калгандай. Ага дүйнөнүн төрт жолку, ушу таптагы да чемпиону Германия, 1990-жылдардан бери 1/8 финалга жетип жүргөн Мексика, акыркы эки чемпионатта тең тайпага илинбей калган Швеция, Азиядагы бирден бир белгилүү жана күчтүү команда Түштүк Корея кирди.

 


Бул ирет "G" тобундагы Англиядан үмүттөнүп турган күйөрмандар да арбын. Эң кызыктуу оюн көрсөтүүчү тайпа англиялыктардыкы болот окшойт. Анткени акыркы сегиз жылда англичандар жакшы жыйынтык көрсөтүшкөн жок. Ошондуктан бул ирет алар бар күчүн салып, өзүн көрсөтүшөт. Бельгиялыктар да оңой жоо эмес. Бул тайпадаг Тунис менен Панама бар. Африкалыктар 1978, 1998-жылдары гана дүйнө чемпионатына катыша алса, Борбордук Америкадагы Панама үчүн Россиядагы оюн дебют болмокчу.

 

Арманда калгандар

Бул жолу чемпионатка бара албай утулуп калган командалар арасында дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Италия бар. Алардын күйөрмандары да ичтери күйүп, арманда калышты. Алардан сырткары Греция, Ираландия, Гондурас, Нидерландия,Чехия жана Украина дагы чемпионатка катышпай, арманда калышты. Ошондой эле Чили, АКШ, Австрия, Түркия сыяктуу футболу өнүккөн өлкөлөр тайпалык оюндарга да илинбей калышкан. 

Главный тренер сборной Италии по футболу Джампьеро Вентура и футболисты сборной Италии после матча с Швецией за путевку на чемпионат мира-2018
© REUTERS / MAX ROSSI
Бул жолу чемпионатка бара албай утулуп калган командалар арасында дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Италия бар

 

Кызыктуу фактылар:

Турнирдин расмий талисманы катары Забивака аттуу карышкыр тандалган

Турнирди өткөрүү үчүн $11 миллиард акча сарпталат экен

Божомол боюнча оюн көрүү үчүн 1 миллион адам келээри күтүлүүдө

Коопсуздук үчүн 510 миллион доллар каражат жумшалып жатат

Сыналгы аркылуу биринчиликтин матчтарын 3 миллиард адам көрөт

Ростов-на-Дону шаарында турнир үчүн атайын аэропорт курулду. 

Волк стал официальным талисманом Чемпионата мира по футболу 2018 года, который будет проходить в России. Кроме Волка, на звание талисмана ЧМ-2018 претендовали Кот и Амурский Тигр. На фото: официальный талисман чемпионата мира по футболу 2018 года Волк Забивака, заместитель председателя правительства РФ Виталий Мутко, телеведущий Иван Ургант и футболист Роналдо (слева направо) на презентации официального талисмана чемпионата мира по футболу 2018 года в программе Вечерний Ургант.
© ФОТО / ОРГКОМИТЕТ "РОССИЯ-2018"
Турнирдин расмий талисманы катары Забивака аттуу карышкыр тандалган

 

Дүйнө чемпионатынын кыскача тарыхы

1904-жылдын 21-майында Франциянын борбору Парижде Голландия, Бельгия, Швеция, Швейцария жана Испаниянын футбол адистери чогулуп, Эл аралык футбол федерациясын (FIFA) негиздеген. Ал кездерде футбол оюну олимпиада оюндарынын алкагында гана ойнотулуп келген.

 


Биринчи дүйнөлүк мелдеш 1930-жылы Уругвайда өтүп, финалдык таймашка талаанын кожоюндары Аргентина менен чыккан. Жыйынтыгында Уругвай Аргентинаны 4:2 эсебинде утуп, дүйнөнүн футбол боюнча эң алгачкы чемпиону аталат.

 

1938-жылкы чемпионат Францияда өтүп, Италиянын утушу менен аяктаган. Ушул жылдары Европада саясий кырдаал курчуп, фашисттик Германиянын континентте жүргүзгөн согуш саясаты футбол дүйнөсүнө терс таасирин тийгизип, спорт күйөрмандары 12 жыл бою футбол боюнча дүйнө чемпионатына күбө боло алышкан эмес.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин FIFA чемпионатты кайра жандантып, 1950-жылы дүйнө мелдеши Бразилияда өткөн. Чечүүчү беттеште Бразилия Уругвай менен ойноп? ага 1:2 эсебинде утулуп, Уругвай дүйнөнүн мыктысынын мыктысы экенин дагы бир жолу далилдеген.

1966-жылы Англиядагы чемпионатта талаа ээси финалда Германия менен беттешип, 4:2 эсебинде атаандашын жер караткан.

2002-жылдагы Түштүк Корея менен Японияда өткөн биринчилик футбол тарыхындагы эң кызыктуу чемпионаттын бирине айланды. Анткени мындай даражадагы турнир Азия континентинде биринчи жолу өтүп, сенсацияга мол болгон.

Бразилия дүйнө чемпиондугун беш ирет багындырып, учурда көч башында. Германия менен Италия төрт жолу, Аргентина менен Уругвай эки жолу чемпион болсо, Франция, Испания жана Англия бир жолу дүйнө чемпиону аталышкан.

Футбол чемпионатынын тарыхында оюнчулар дагы баш тартып, келбей койгон учурлар болгон

1934-жылдагы чемпионат Италияда өтүп, уругвайлыктар чемпионатка баруудан баш тарткан. 1938-жылы кайра эле Уругвай курама командасы мелдешке келүүдөн баш тартат. Бул жолу дагы чемпионат Европа аймагында, тагыраагы Францияда өтүп жаткан.Уругвайды колдоп чыккан Аргентина болуп, алар дагы мелдешке барбай турганын, Европада эки жолу катарынан чемпионат өтүп жатканына нааразы экенин айтты.

1958-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын алдындагы тандоо оюндары олуттуу маселеге айланган. Тандоо оюндарына Израилдин курама командасын дагы катышууга уруксат беришкен. Ал учурда Израиль Азия аймагындагы команда катары каралып, тандоо оюндарында Азия жана Африканын улуттук курама командалары менен беттештерди өткөрүүсү керек эле. Бирок Түркия, Индонезия, Египет жана Судан саясий маселеден улам Израиль менен беттеш өткөрүүдөн баш тарткан.

 


1966-жылы
 Англияда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуудан бүтүндөй бир континент Африка өлкөлөрү баш тартып, бойкот жарыялашкан.

 

Кансыз согуштун күчөп турган жылдарда Германияда өткөн чемпионатка СССР катышкан эмес. Тандоо оюндарында СССР Чили курама командасы менен беттешүүдөн баш тарткан. Андан бир жыл мурун 1973-жылы төңкөрүш жолу менен Чилинин жетекчилигине Аугусто Пиночет келген. Беттеш өтө турган "Сантьяго" стадионунда солчул кыймылдын активисттери өлтүрүлгөндүктөн СССР саясатка байланыштуу ойноодон баш тарткан.



Дагы: https://sputnik.kg/columnists/20180613/1039650062/futbol-chempionaty-boyuncha-kolumnistika.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно