DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары > СТАМБУЛ: “КЛУБДАГЫ КОЛ САЛУУНУ ӨЗБЕК ЖЕ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ЖАСАГАН БОЛУУСУ МҮМКҮН”

СТАМБУЛ: “КЛУБДАГЫ КОЛ САЛУУНУ ӨЗБЕК ЖЕ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ЖАСАГАН БОЛУУСУ МҮМКҮН”

СТАМБУЛ: “КЛУБДАГЫ КОЛ САЛУУНУ ӨЗБЕК ЖЕ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ЖАСАГАН БОЛУУСУ МҮМКҮН”Бүгүн, 2-январда түркиялык басылмалар тарабынан Стамбулда клубга кол салган адамдын кыргыз же өзбек жараны болушу мүмкүн экениндиги полициянын билдирүүсүнө таянып жазылууда.

 

Андагы маалыматтарда, "Кол салган адам "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөсү болушу ыктымал. Ал клубга пальто кийип кирип, чыкканда башка кийим менен чыккан. Анын автоматты кармашында жана басышында согуштук даярдыктан өткөнү көрүнүп турат", - деп айтылат.

 

Эске салсак, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна курал менен кол салуу болгон. Ошол учурда клубда 500дөн ашык адам болгон. Анда 39 адам каза болуп, 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Каза болгондордун 24ү чет элдик жарандар экени белгилүү болду. Алардын арасында Орусиянын, Бельгиянын, Франциянын, Индиянын, Ирактын, Сауд Арабиянын жарандары да бар.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад