DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары > Казакстанда сууктун күчү 45 градуска жетип, адам өлүмү катталууда

Казакстанда сууктун күчү 45 градуска жетип, адам өлүмү катталууда

Казакстанда катуу суук болуп, элдин жашоосун кыйындатууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Ушу тапта Казакстандын чыгыш бөлүгүндө, ошондой эле Түндүк-Казакстанда, Акмоло, Павлодар жана Караганды облустарында абанын температурасы -45ке чейин түштү. Түштүк аймакта да сууктун күчү 25 градуска чейин жетери айтылууда.

Ызгаардын кесепетинен Кустанай облусунда эки аялдын тоңуп өлгөнү белгилүү болду. Тийиштүү кызматтар муктаждык жок болсо сыртка чыкпоону эскертти. Мындан тышкары, айдоочуларга жолго чыкпай кое туруу сунушталды.

Бир сутканын ичинде Астанада 14 кишинин айрым жерлерин үшүк алып кеткен. Анын 10у чоң киши болсо, төртөө — балдар. Шаардык акимиат (мэрия) жылынуучу жайларды уюштурду. Үшүккө алдырган адамдар тууралуу маалымат өлкөнүн ар аймагынан келип жатат. Павлодарда бир кишинин эки кулагын үшүк алып кеткени белгилүү болду.

Кээ бир жерлерде окуу токтотулду, айрым облустарда бардык трассалар толугу менен жабылды. Акмолодо 220 киши жолдо калганы кабарланды.

Астана менен Алматынын аэропортторунда каттамдар токтоп турат.

Ал эми Казгидромет мындай аба ырайы бир нече күнгө созуларын айтты.

Дагы: https://sputnik.kg/asia/20190207/1043225480/kazakstanda-suuk-45-gradus.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад