DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары > Токаев Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүүнү сунуштады

Токаев Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүүнү сунуштады

Казакстандын борбору Астананы Нурсултан деп өзгөртүү керек. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев ант бергенден кийин билдирди.

"Елбасынын эл алдында эмгеги абдан чоң. Ошондуктан анын улуу ысымын түбөлүккө калтырышыбыз керек", — деди Токаев.

Ал ошондой эле Казакстан Нурсултан Назарбаевдин арты менен Борбордук Европада жана постсоциалисттик өлкөлөр ичинде лидер болгонун кошумчалады.

"Биздин борбор калаа биринчи президент Нурсултан Абишевич Назарбаевдин ысымын алышы керек. Эске салгым келет, мындай сунуш Казакстандын 25 жылдыгында, 2016-жылы парламенттин депутаттары тарабынан дагы берилген", — деди Токаев. 

Жаңы президенттин бул демилгесин парламентарийлер кол чаап коштоду.

Мындан сырткары, Токаев Елбасынын бардык портреттери мамлекеттик органдарда жана билим берүү мекемелеринде ардактуу орунда турарын кошумчалады.

Дагы: https://sputnik.kg/asia/20190320/1043702006/astana-shaaryn-nursultan-kylyp-ozgortuu-sunushtaldy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад