DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары / Интересное > Таиланддын падышасы генералга үйлөндү. Нике тойдогу "өзгөчө" сүрөттөр

Таиланддын падышасы генералга үйлөндү. Нике тойдогу "өзгөчө" сүрөттөр

Таиланддын падышасы Маха Ватчиралонгкон (Рама Х) 1-май күнү падышалык кароолдун башкы командачысынын орун басарына баш кошту.

Ага катышууну көздөгөн бардык провинциялардан 150 миңдей адам борборго келди

Никенин күбөлөрү падышанын бир тууган карындашы, ханбийке Сириндхорн менен "Жашыруун кеңештин" башчысы, генерал Прем Тинсуланонда болду.

Никелешүү салтанатына премьер-министр жана башка өкмөт мүчөлөрү катышты

2014-жылы Таиланддын мураскер ханзаадасы Маха Ватчиралонгкон өзү такка отуруп, дароо эле келечектеги жубайын падышалык кароолдун башкы командачысынын орун басары кылып дайындаган.
Падышанын бир тууган карындашы, ханбийке Сириндхорн менен Жашыруун кеңештин башчысы, генерал Прем Тинсуланонда никеге күбө болушту 
2016-жылы ага Таиланддын жөө аскерлеринин генералы наамы берилген. Суттхида мурда учакта борт коштоочу болуп иштегени айтылат.

 

Маха Ватчиралонгкон мураскер ханзаада кезинде төрт ирет үйлөнгөн 

Эки жашка нике күбөлүгүн өлкөнүн ички иштер министри Анупхонг Пхаочинда берди.

Эки жашка нике күбөлүгүн өлкөнүн ички иштер министри Анупхонг Пхаочинда тапшырды 

Анткени ал негизги кызматы менен катар эле жарандык абалды каттоого алуу кызматын жетектейт.

Таиланддын жаңы ханышасы 40 жашта 

Никелешүү салтанатына премьер-министр Прают Чан-Оча жана башка өкмөт мүчөлөрү катышты.

Мурда ал борт коштоочу болуп иштеген 

Ханышага таажы кийгизүү салтанаты 4-май күнү Бангкок шаарында өттү.

Вачиралонгкорн падышалык такка 64 жашында отурган 

Ага катышууну көздөгөн бардык провинциялардан 150 миңдей адам борборго келишти.

Падышанын беш уулу жана эки кызы бар

Маха Ватчиралонгкон мураскер ханзаада кезинде төрт ирет никеге турган.

Келечектеги ханышага 2016-жылы Таиланддын жөө аскерлеринин генералы наамы ыйгарылган 

Анын беш уулу жана эки кызы бар. Бирок расмий түрдө уулдарынын бири гана ханзаада болуп эсептелет.

Ханышага таажы кийгизүү салтанаты 4-май күнү Бангкок шаарында өттү

Дагы: https://sputnik.kg/photo/20190504/1044211587/tailand-maha-vatchiralongkon-nike-general.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад