DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары > Каримованын кызы энесинин байлыктары Өзбекстанга кайтарылганын билдирди

Каримованын кызы энесинин байлыктары Өзбекстанга кайтарылганын билдирди

Өзбекстан бийлиги бир нече жылга эркинен ажыраткан Гүлнара Каримова боюнча анын кызы энесине тиешелүү 1,2 миллиард долларлык активдер мамлекетке кайтарылгандыгын жазды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Гүлнара Каримованын кызы Иман жогорудагы маалыматты социалдык тармактагы @gulnarakarimovaupdates аккаунтунан жекшемби күнү таратты. Бирок учурда бул баракчага кирүү мүмкүн эмес болууда.

"Протокол үчүн айткым келди. Мага тиешелүү болуп келген Өзбекстандын аймагындагы жеке активдерим менин ээлигимден чыгып, республикалык бюджет үчүн иштеп жатат. Жүргүзүлгөн жергиликтүү иликтөөлөр анын 1,2 миллиард доллар экендигин далилдейт", — деп айтылган билдирүүдө.

Анда тартип коргоо органдары менен кызматташуу туурасында да айтылган.

Маалыматта Өзбекстандын расмий тараптарынан бул кабар боюнча комментарий жок экендиги айтылган.

Буга чейинки маалыматтарда Өзбекстандын прокуратурасы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен Гүлнара Каримованын чет жактагы активдерин алып келүү боюнча иштер жасалып жаткандыгы айтылган.

 

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова мыйзам чегинде чыккан өкүмдүн негизинде жазасын өтөп жатат. Аталган органдын маалымат катчысынын айтымына караганда, ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам чектелген эмес.

Эске салсак, Гүлнара Каримованы камакка 2015-жылы алышкан.

2017-жылы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң өкүм өзгөртүлүп, 5 жылга алмаштырылган. Кызы Иман жашап жаткан жерде жазасын өтөө чечими кабыл алынып, жазасын өтөп жатканда милдеттеринен кыянатчылык менен баш тартса, сот чечимин өзгөртүшү мүмкүндүгүн айткан.

Андан кийин Гүлнара Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган. Ушу тапта ал жазасын мыйзамдык шартта өтөп жатат.

Дагы: https://sputnik.kg/asia/20190624/1044802241/gulnara-karimova-iman-karimova-chet-eldik-aktiv-kaytaruu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад