DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары > Өтүп бараткан улан терезеден кулаган бөбөктү тосуп калды.

Өтүп бараткан улан терезеден кулаган бөбөктү тосуп калды.

Окуя аталган калаанын Фатих районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Баланын керемет менен аман калган учуру видеого тартылып калган.

TRT Haber телеканалынын билдиргенине караганда, 17 жаштагы жигит терезенин кырына отуруп алып ойноп жаткан бөбөктү жерде кетип баратып байкап калган. Кооптуулукту көргөндөн кийин кете албай, ошол жерде буйдалып турган. Кыйкырып наристенин энесин чакырууга аракет кылганы менен ары жакта ашканада тамак жасап жүргөн аял эч нерсе уккан эмес.

 

Бөбөк терезеден төмөн көздөй кулаганда улан эки колдоп тосуп алганга жетишкен. Аны менен кошо учкан төшөктөрү жерге түшкөн. Наристенин мурду эле канап кеткени болбосо, башка олуттуу жаракаты болгон эмес.

Окуянын чоо-жайын билгенден кийин бөбөктөн атасы баланы улам-улам алкап, ыраазылыгын билдирип, акча карматкан. Ал эми эртеси кой союп, кошуналарга түлөө өткөргөн.

Дагы: https://sputnik.kg/video/20190628/1044861928/stambuldagy-korkutkan-zhana-tangaldyrgan-okuya.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад