DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары > 10 жыл ичинде кайсы музыкант көп киреше тапкан? Forbes тизмеси

10 жыл ичинде кайсы музыкант көп киреше тапкан? Forbes тизмеси

 Ага карабай, анын тапкан акчасы 950 миллион доллар деп бааланды.

Forbes журналынын версиясы боюнча, он жылдыктын эң бай музыканты америкалык рэпер жана продюсер Dr. Dre аталды. Бул тууралуу ВВС жазды.

Журналдын маалыматына ылайык, музыкант 10 жылда 950 миллион доллар тапкан.

"10 жыл ичинде продюсер бир эле альбом чыгарып, дээрлик түрдө турга чыккан эмес. Анткен менен 2014-жылы Apple анын Beats брендин үч миллиард долларга сатып алган. Келишимдин шарттары боюнча рэпер сүйлөшүүдөн 620 миллион доллардан кем эмес каражат алган. Бул анын ишкерлигиндеги эң негизги жетишкендиги", — деп жазылат маалыматта.

Рейтингдин экинчи сабына ырчы, аткаруучу илинген. Анын 10 жылдагы кирешеси 825 миллион доллар деп бааланган. Эске салсак, Forbes журналы бул аткаруучуну 2019-жылдын эң бай музыканты деп да атаган. Бир жыл ичинде Тейлор Свифт 185 миллион доллар тапкан. Алдыңкы үчилтикте Бейонсе дагы бар. Анын кирешеси 685 миллион долларды түзөт.

Дагы: https://sputnik.kg/world/20191225/1046608971/10-zhyl-ichinde-kop-kireshe-tapkan-muzykanttar.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад