DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары > Вирустун айынан Токио Олимпиадасы болбой калабы? Комитет тынчсызданууда

Вирустун айынан Токио Олимпиадасы болбой калабы? Комитет тынчсызданууда

Мелдеште медалдын 339 топтому ойнотулат.

Коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу Токио шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарынын өтүшү коркунуч алдында турат. Мындай тынчсыздануусун мелдешти уюштуруу комитетинин башчысы Тосиро Муто билдиргенин The Times басылмасы жазды.

"Коронавирус инфекциясынын жайылышы оюнга кедергисин тийгизчүдөй. Мени бул абдан ойлонтууда. Токионун өкмөтү жана мэриясы менен кызматташканда инфекцияга каршы бардык аракеттерди көрүп жатканыбызга ынанышыбыз керек. Жакынкы убакытта маселе чечилет деп ойлойм", — деген Муто Паралимпиада оюндарынын уюштуруучулары менен жолугушкан учурда.

Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтмөкчү. Мелдеште медалдын 339 топтому ойнотулат.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган. Жакында ДСУ Кытайдагы вирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атады.

 

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан 563 адам көз жумду. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 28 018ге жетти, сакайып кеткендер — 1 153.

Ал эми Японияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 23.

Дагы: https://sputnik.kg/world/20200206/1046986673/koronavirus-tokio-olimpiada-tynchsyzdanuu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад