DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары > Макрон: Европа жаңы согуш толкунуна кабылды

Макрон: Европа жаңы согуш толкунуна кабылды

Эгер зарылдык болсо, аны экспортоого бөгөт коет.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон коронавируска каршы вакциналар тууралуу сүйлөп жатып, "Европа жаңы согуш толкунуна кабылганын" билдирди. Бул туурасында Le Figaro басылмасы жазды.

Анын айтымында, бул кагылышуу Кытай менен Россиянын вакциналар аркылуу өз таасирин күчөтүү аракетинен улам болуп жатат.

"Мындай кырдаалда вакцина өндүрүү маселелери боюнча Европа өз алдынча иш кылышы керек", — деди Макрон Европа биримдигинин виртуалдык саммитинде сүйлөп жатып.

Мындан тышкары, Франциянын президенти вакцина өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүп, эгер аны чыгарган компаниялар Европа биримдигине жетиштүү санда даярдай албаса, экспортко бөгөт коюлушу керектигин кошумчалады.



Дагы: https://sputnik.kg/world/20210326/1051899044/france-macron-vakcina-sogush.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад