DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары > Иракта инфекциялык ооруканадагы жарылуудан өлгөндөрдүн саны 82ге жетти

Иракта инфекциялык ооруканадагы жарылуудан өлгөндөрдүн саны 82ге жетти

Жаракат алгандар жүздөн ашты.

Ирактын борбору Багдадда коронавирус менен түшкөн бейтаптарды караган ооруканада жарылуу болуп, көз жумгандардын саны 82ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме кылуу менен РИА Новости жазды.

Агенттиктин жазганына караганда, кырсык болгон маалда 21 кишинин каза болгону айтылган, алардын саны улам өсүүдө.

 

Ал эми жаракат алган 100дөн ашуун кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кычкылтек толтурулган баллон жарылып, адамдар иске ууланып каза табууда.

Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Каземи тергөө бүткүчө оорукананын жооптуу адамдарын камакка алууну буюрду.

Дагы: https://sputnik.kg/world/20210425/1052257749/irakta-oorukana-zharylyp-82-kishi-koz-zhumdu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад