DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары > ИИМдин өкүлчүлүгү: Кыргызстанда издөөгө алынгандар Россиядан кармалууда

ИИМдин өкүлчүлүгү: Кыргызстанда издөөгө алынгандар Россиядан кармалууда

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү ар кандай кылмышка барып мамлекеттер аралык издөөгө алынгандарды аныктоо боюнча ишин улантып жатканын кабарлады.

Өкүлчүлүктүн көмөгү менен аймактык укук коргоо органдары тарабынан өз мекенинде издөөгө алынып, Россиянын аймагында жашырынып жүрүшкөн жарандар аныкталды.

 

Маалыматта Кыргызстандын 26 жаштагы Р.А. аттуу жаранынын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлгөнү айтылган. Ага Кылмыш кодексинин 166-беренесинин (мурдагы редакциясындагы) олуттуу өлчөмдө жасалган алдамчылык фактысы боюнча былтыр мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Ал Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөгө алынып, Россиянын аймагынан кармалды. 2015-жылдын жай айында аты аталган жаран BMW үлгүсүндөгү унааны сатып алат. Ал үчүн болгону 1000 доллар берип, калган каражатты кийинчерээк берүүнү убадалап соодалашкан тарапты ишендирет. Бирок бир айдан соң BMW унаасын башка автокөлүккө алмаштырып, из жашырып кеткен. Учурда издөөнү демилгелеген тарапка билдирүү жөнөтүлүп, шектүү Москва шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Минск конвенциясына ылайык, аны өткөрүп берүү маселеси чечилип жатат.

 

Биргелешкен аракеттердин натыйжасында Москва шаарынын аймагында Кыргызстандын жараны, Ысык-Көл облусунун тургуну 36 жаштагы М.А. аттуу келиндин жүргөн жери аныкталып, кармалды. Ал Кыргызстандын аймагында кылмыш жасаганы үчүн издөөгө алынган. Шектүүгө 2021-жылдын башында Кылмыш кодексинин 268-беренеси ("Ири көлөмдөгү наркотикалык заттарды мыйзамсыз сактоо, сатуу максатында эмес") Бишкектин Октябрь райондук милициясы тарабынан издөө жарыяланган. Эми кармалган адамды кылмыш жообуна тартуу үчүн белгиленген тартипте Кыргызстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү боюнча маселе чечилип жатат.

Россиянын аймагынан издөөдө жүргөн дагы бир кыргызстандык 36 жаштагы Э.М. аттуу жаран кармалды. Ош облусунун тургуну Баткендин Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан издөөгө алынган. Ал бейбаштык кылмышына шектелип, 2016-жылдан бери издөөдө жүргөн. Кийинчерээк ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Учурда шектүүнү Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча маселе чечилип жатканы маалым болду.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20210608/1052781595/kyrgyzstan-izdoogo-aluu-shektuu-rossiya-kolgo-tushuruldu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад