DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары / На злобу дня > Путин украиналык улутчулдар эл аралык укукту бузуп жатканын айтты

Путин украиналык улутчулдар эл аралык укукту бузуп жатканын айтты

Украинадагы операция маалында улутчулдар тарабынан эл аралык укукту бузуу, анын ичинде адам өлтүрүү фактылары ачыкка чыкты. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путиндин билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.
 
"Донбасстагы жана Украинадагы атайын операцияга байланыштуу прокуратура органдарынын жана бардык укук коргоо органдарынын алдында бир топ милдеттер турат. Азыртадан эле Украинада түзүлгөн улутчулдар тобу адамдарды, анын ичинде балдарды тирүүлөй калкан катары колдонгону аныкталды", — деди Путин.
Ошондой эле президент Россиянын Куралдуу күчтөрүнө каршы провокациялар бар экенин айтып, бул үчүн чет элдик ЖМКларды жана социалдык тармактарды колдонуп жаткандар жоопко тартылышы керектигин белгиледи.
 
https://sputnik.kg/20220425/rossiya-ukraina-vladimir-putin-1063933422.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад