DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары / На злобу дня > Кытайдын аэропортунда учак өрттөнүп, 40 жүргүнчү жабыркады

Кытайдын аэропортунда учак өрттөнүп, 40 жүргүнчү жабыркады

Кытайда Tibet Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү ташыган учагы Цзянбэй шаарынын эл аралык аэропортунан өрттөнүп, 40 адам жабыркады. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянып РИА Новости кабарлады.
Билдирмеге караганда, учак абага көтөрүлөйүн деп жатканда учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен.
Окуя 12-май күнү Кытай убактысы боюнча саат 8:00дө (Бишкек убактысы 06:00) катталды. Маалым болгондой, аба кемесинин ичинде 113 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсү болгон. Анын ичинен 40 адам жабыркап, ооруканага жаткырылган.
 
"TV9833 Чунцин — Ньингчи каттамын аткарган учак Цзянбэй шаарындагы Чунцин аэропортунда абага көтөрүлүү алдында учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Анын сол капталынын алдыңкы бөлүгү күйгөн", — деп айтылат маалыматта.
Каза болгондор боюнча азырынча маалымат жок, кырсыктын себептери такталып жатканы кошумчаланды.
Кытайдын борбордук телеканалы өрт өчүрүлгөнүн кабарлады.
 
https://sputnik.kg/20220512/kytaj-zhurgunchu-uchak-ort-1064325992.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад