DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары / На злобу дня > "Азовсталдан" жарадар болгон украин аскерлерин алып чыга башташты

"Азовсталдан" жарадар болгон украин аскерлерин алып чыга башташты

Мариуполдогу "Азовсталь" комбинатынан жарадар болгон украин аскерлерин алып чыга башташты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
 
"16-майда Мариуполдогу "Азовсталь" металлургиялык комбинатынын аймагында жайгашып алган аскерлердин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин жарадар болгон жоокерлерди алып чыгуу боюнча макулдаштык", — дешкен РФ Коргоо министрлигинен.
Жабырлангандарды Донецкидеги Новоазовск ооруканасына жеткиришкен.
Буга чейин ДЭРдеги "Восток" бригадасынын командири Александр Ходаковский "Азовсталь" аймагынан ак желек көтөргөн тогуз украин аскери чыккандыгын кабарлаган. Бригаданын командири алар бир топ адамдардын атынан болгондугун жана Россия тарап сүйлөшүүгө баргандыгын айтып берген.
Апрелдин ортосунда Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков Мариуполдун аймагы украин армиясынан, чет элдик жалданмалардан жана "Азов" неонацисттер полкунан тазаланганын айткан эле. Ал эми калган бир аз бөлүгү "Азовсталь" комбинатына кирип алгандыгы кошумчаланган. Владимир Путин заводду камалоонун кереги жоктугун, болгону өнөр жай аймагын тосуп коюуну буюрган.
 
https://sputnik.kg/20220516/azovstaldan-zharadar-bolgon-ukrain-askerlerin-alyp-chyga-bashtashty-1064458092.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад