DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары / Аналитика > Санкциялардын азабын тартып... АКШ жана Евробиримдикте инфляция чектен ашты

Санкциялардын азабын тартып... АКШ жана Евробиримдикте инфляция чектен ашты

Германияда инфляция рекорд коюуда. Мындайга немецтер 1973-жылдан бери бет келише элек болчу. Көбүнесе энергетикага көп каражат жумшоодо. Кошмо Штаттар да андан кем калышпайт.
Океандын ары жагында бензин улам кымбаттап барат. Батыш Россияга каршы санкциялардын жазасын тартып жатканын айтышат аналитиктер. Европалыктар жана америкалыктар дагы канчага дейре үнөмдөп күн кечирүүгө аргасыз болорун Ирина Бадмаева талдап көргөн. Анын бул жолку макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
ФРГда баалар асман чапчып барат. Өткөн айда инфляция жарым кылымдык рекордду басып өтүп, сегиз пайызга чыкты. 1973-жылы мунай каатчылыгынын айынан кара алтындын баасы кескин кымбаттап кеткен. Энергетикалык ресурстарга кеткен чыгымдар азыр деле жогору. Ал аз келгенсип, азык-түлүк да кымбаттоодо. Улуу Британияда да кырдаал көңүл жубатарлык эмес, баалар маянадан жогорулап бараткандай. Сатып алуу жөндөмү такыр эле төмөндөп кетти.
Америкалыктар да сарамжалдоого өттү. Кошмо Штаттарда май айында инфляция 8,5 пайыздан ашып, өлкөдө бензин эки эсе кымбаттады. Буга россиялык мунай менен жабдуунун чектелиши да таасир эткенин АКШ каржы министри Жанет Йеллен моюнга алган.
Мартта Америка кара алтынды сатып алууга тыюу салып, буга ай башында Европа биримдиги да кошулган. Бирок россиялык мунайдан толугу менен баш тартууга европалыктар азырынча батына элек. Деңиз аркылуу келген өндүрүмдөр чектелди. Айтор, жеңилдетилген эмбарго америкалыктардын да, европалыктардын да капчыгын сактай алган жок.
 
"Инфляция дизель майын да кымбаттатты. Ал курамында россиялык Urals камтылган оор аралашмадан турат. Натыйжада АКШ менен Европа биримдигинде баалар көп жылдык максимумду жаңыртты", — деп түшүндүрөт BitRiver компаниясынын каржы аналитиги Владислав Антонов.
Батыш ушул тапта Россия мунайына альтернатива издөөдө. Бирок бул оңой-олтоң иш эмес. Россиялык кара алтындын экспортунун ордун толтурууга экспортчу өлкөлөрдүн бош кубаттуулугу жоктугун эскертет ОПЕК башкы катчысы Мухаммед Баркиндо. Кеп суткасына жети миллион баррель туурасында.
Ошол себептен демилгелүү Батыш ишканалары Urals жана башка сорттордун аралашмасын сунуштайт. Ушундай схема менен америкалык Shell компаниясы иштей баштаган. Концерн өз сатуучуларына россиялык көмүр суутек камтылган дизелдик майды сатып алууга уруксат берген. "Латвиялык аралашма" деп аталган өндүрүмдү Вентспилс портунда даярдашат. Санкциядан буйтап өтүүнүн дагы бир жолу — кайра сатуу. Америкалык жана европалык порттор азырынча Россиядан келген кемелерге жабык, мунайды бөлөк өлкөлөрдөн ташып жатышат. Мисалы, Европа жана АКШга Индиядан жөнөтүлгөн мунай өндүрүмдөрүнүн көлөмү кыйла өстү. Документтер боюнча сырье индиялык, ал эми иш жүзүндө — Россияга таандык.

Күнөөлүүнү таанып...

Батыш компаниялары санкциялардан буйтоонун жолун таап жаткан маалда Ак үй Украинадагы аскердик атайын операцияга айыптууларды издегенин билдирди Жо Байден. "Инфляциянын жетимиш пайызына Путиндин бензинди кымбаттатканы себепкер", — дейт америкалык президент.
Бирок Америкада товарлар былтыртан бери эле кымбаттай баштаганын белгилешет аналитиктер. Туура бир жыл мурун инфляция 3,5 пайызды түзгөн. Өлкөнүн каржылык жетекчилиги коронакаатчылыктын кесепеттерин жоюу үчүн акча басуу станогун күргүштөтүп, АКШнын Федералдык резервдик тутуму экономикага триллиондогон доллар салган. Ошол эле учурда дээрлик нөлгө тете негизги ченди жогорулатууга шашылган эмес. Ал тургай кымбаттоо утурумдук көрүнүш экенин кайра-кайра кайталаган. АКШ Федералдык резервдик системасы жана акча-насыя саясатын катаалдантууга ашыкпаган Европа борбордук банкы да ушундай жолду ылайык санаган.
Батыштагы каржылык жөнгө салуучулардын жай баракаттыгы инфляциянын тездешине алып келген. Буга кошумча, өткөн жылдын аягында энергетикалык ресурстардын баасы кескин асмандап, Европа биримдигинде газдын бир куб метри үч миң долларга чыккан. Кымбаттоолор быйыл да уланып, Россияга каршы чектөөлөр бул багытта абалды ого бетер курчутту. Мындай жагдайдын айынан металл, мунай, агроөнөр жай комплексинин өндүрүмдөрү өтө кымбаттай түштү. Бирок Батыштагы бийлик төбөлдөрү өз каталарын такыр эле моюнга алгысы жок. Өз саясий нугун айыптагандан көрө Москвага кине коюу алар үчүн пайдалуу эмеспи.
Аналитиктердин божомолунда европалыктар жана америкалыктар белин бекем бууп, үнөмдөөгө аргасыз болушат. Россия жана Украинадан буудай ташуу көйгөйү да буга таасир этет. Батыш жетпей калган көлөмдүн ордун дароо толуктай албайт. Маселен, муну Кошмо Штаттарда быйыл күндүн сууктугунан улам айдоо-себүү иштеринин кеч башталганы да айгинелейт.
Анан да чет өлкөлүк фермерлерге россиялык жер семирткич да жетишсиз болуп турат. Булардан да Европа биримдиги жана АКШ февралдын аягында эле баш тарткан. Анткен менен бир ай өтпөй кызуу кандуулукка алдырышканын аңдашкан. Көп өтпөй жер семирткичтерди санкциялык тизмеден чыгарышкан. Эске салсак, Россия бул өндүрүм менен жабдууда дүйнөдө үчүнчү орунда турат.
Былтыр алардын көлөмү 5,6 пайызга, тагыраагы, 24,9 миллион тоннага көбөйгөнү айтылат Росстаттын маалыматында. Россияда өндүрүлгөн жер семирткичтердин 65 пайызга жакыны экспорттолуп, анын 22 пайызы Европа биримдигинин аймагына жана АКШга жөнөтүлөт.
ЕБ жана Кошмо Штаттардагы инфляция эки орундуу көрсөткүчкө тез эле жетерин боолголойт РФтеги Каржыны тескөө жогорку мектебинин аналитикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Коган. Ал ортодо Америкада кеч болсо да негизги ченди көбөйтүштү. АКШ Федералдык резервдик тутуму ушундай жол менен баалардын өсүшүн ооздуктоого ниеттенет.
Баса, бул каржылык жөнгө салуучу тутумдун 13-июнда башталган кезектеги жыйыны 19-июнга дейре уланмакчы. Ал эми Европа борбордук банкы такыр эле ашыкпайт. Эмки айда гана акча-насыя саясаты кыйла катаалданат. Анткен менен мындай аракет кырдаалды жөнгө салып, турукташтыра албай турганын белгилешет аналитиктер. Ченди жогорулатуу керектөө суроо-талабын гана азайтып, сатып алуучулардын чыгашаларын арттырып, инфляциянын жаңы эпкинине кабылтат.
АКШ экономикасынын басаңдашынан улам рецессияга кептелүү тобокелдиги да бар. "Кара алтынды өлкөнүн стратегиялык корунан сатуу да анын баасын төмөндөтө албайт. Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели 130 доллардан ашып кетиши да күтүлөт. Демек, ченди көбөйтүү менен кымбатчылыкты тизгиндөөгө болбойт", — дейт BitRiver компаниясынын каржы аналитиги Владислав Антонов.
Азырынча өлкөлөр инфляцияны өз күчтөрү менен ооздуктоо далалатында. Мисалы, Германия "бензиндин ар бир тамчысын" үнөмдөө үчүн жолдогу ылдамдыкты азайтууга да кайыл.
"Энергетикалык ресурстарды керектөөнү азайтуу максатында кан жолдордо саатына 100 чакырымга, шаарларда 30 чакырымга чейин утурумдук чектөө киргизе алмакпыз", — дейт Немец профсоюздарынын ассоциациясынын башчысы Райнер Хоффман.
Талдоочулар мындан эч кандай майнап чыкпай турганын, кырдаалды жөнгө салып, энергетикалык каатчылыкты токтотуу үчүн Россияга салынган санкцияларды жокко чыгаруу керектигин белгилешет.
Дүйнө стагфляцияга (инфляция менен жумушсуздук күчөп, экономиканын төмөндөшү) сүңгүп баратканын эскертет "Практикалык инвестициялоо мектебинин" түптөөчүсү Федор Сидоров. Анын баамында ушул тапта 1929-жылдагы Улуу депрессия убагындагыдай масштабдагы олуттуу кесепеттерге кептей турган жаңы глобалдык каржылык-экономикалык каатчылыктын алгачкы баскычы башталууда.
 
https://sputnik.kg/20220616/aksh-zhana-evrobirimdikte-inflyaciya-chekten-ashty-1065298097.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад