DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары / На злобу дня > Казакстанда мээ кайнаткан ысыктан асфальттын үстү көтөрүлүп кетти

Казакстанда мээ кайнаткан ысыктан асфальттын үстү көтөрүлүп кетти

Казакстанда республикалык маанидеги "Самара — Шымкент" унаа жолунда асфальттын үстү ысыктан көтөрүлүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазды.
"Абанын температурасы 47 градуска чейин ысыганына байланыштуу жолдун цемент-бетон катмары көтөрүлүп кетти", — деп билдирген "КазАвтоЖол" компаниясы.
Учурда жолду оңдоого 10 жумушчу жана тиешелүү техника тартылганы айтылат. Аталган компания жолду аз убакытта калыбына келтирүүнү убадалаган.
Айдоочуларга жол коопсуздугунун эрежелерин сактап, автоунаанын ылдамдыгын жогорулатпоо эскертилди.

https://sputnik.kg/20220724/kazakstan-ysyktan-asfalt-ustu-kotoruldu-1066302992.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад