DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары / Коом жана проблемалар > Түркия: боз үйлөргө зилзаладан жабыркагандар жайгаштырыла баштады

Түркия: боз үйлөргө зилзаладан жабыркагандар жайгаштырыла баштады

Алар Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) координациялаган тизме менен киргизилет.
 

13-февралда зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарынын стадиондорунун бирине Кыргызстандан жөнөтүлгөн ондогон боз үй тигилген. Учурда Кыргызстандан барган боз үйлөрдө эки үй-бүлө баш калкалап турат. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркиянын Кахраманмараш шаарына Кыргызстандан 120дан ашык боз үй жөнөтүлгөнүн ырастаган.

18-февралда Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жер титирөө болгон 11 аймакта 830 миң 806 имарат жабыркап, анын 105 миңи кыйрап калганын билдирди. Соңку маалыматтарга ылайык, зилзаладан каза болгондордун саны 40 642 кишиге жетти. 108 068 киши жараат алды.

Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги издөө, куткаруу иштери 19-февралда аяктарын кабарлады.

Источник: https://www.azattyk.org/a/32278005.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад