DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары / Коом жана проблемалар > Эрдоган Россияга тап берген Түркиядагы оппозицияны сынга алды

Эрдоган Россияга тап берген Түркиядагы оппозицияны сынга алды

 

 

 

"Кемал бей (Кемал Кылычдароглу — ред.) Путинге, Россияга асылып жатат. Мен буга жол бере албайм, Москва менен мамилебиз Вашингтон менен болгон алакадай эле маанилүү", — деди президент Стамбулда сүйлөп жатып.


7-май күнү Эрдоган тарапташтарына башкы атаандашы Кемал Кылычдароглунун тыюу салынган Күрдстан жумушчу партиясынын лидери Мурат Карайил менен чогуу турган видеосун көрсөткөн. ЖМКлар аны фейк деп атаса, Кылычдароглу артында "кымбаттуу орус достор турган" кутумчулук деди.
 
"Эми Кемал мырза Москва биздин шайлоону тескеп жатат деди. Уялбайсыңбы! Шайлоону Америка, Англия, Германия көзөмөлдөөдө десек эмне дейсиң?" — деди Эрдоган.

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва башка мамлекеттердин ички саясатына жана электоралдык процесстерине кийлигишпей турганын билдирди.

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген. Эрдоганга негизги оппонент Кылычдароглу болууда. Андан тышкары, Ata альянсынан Синан Оган да ат салышып жатат. Эгер талапкердин бири да добуштардын 50 пайызын топтой албаса, 28-майда экинчи тур өтөт.
 
Источник: https://sputnik.kg/20230513/ehrdogan-rossiyaga-tap-bergen-oppoziciyany-synga-aldy-1075277392.html
 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад