DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары / Интеграция / Экономика > Кытай БА өлкөлөрүнө 3,72 млрд. долларлык кайтарымсыз жардам көрсөтөт

Кытай БА өлкөлөрүнө 3,72 млрд. долларлык кайтарымсыз жардам көрсөтөт

 
Макалада Си "Борбор Азия — Кытай" саммитинде кызматташуу "жаңы доорго" өтүп жатканын белгилегени айтылат. Кытай БА мамлекеттери менен биргелешкен долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашышы үчүн тыгыз кызматташууга даяр. КЭР лидери өнөр жай, инвестиция, айыл чарба, транспорт, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, билим берүү жана саясий партиялардын иши багытында "жолугушуулар менен диалогдун механизмдерин" түзүүнү сунуштаган.

Си Цзиньпиндин айтымында, соода процедураларын жеңилдетүү үчүн кошумча чаралар көрүлүп, эки тараптуу инвестициялык макулдашуулар жаңыланат. Кытай ташылуучу жүктүн көлөмүн көбөйтүп, Каспий деңизи аркылуу кеткен эл аралык транспорттук коридордун курулушуна колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары, портторду модернизациялоону эртелетип, Кытай, Европага кеткен темир жол каттамын көбөйтөт, буга катар бизнести БА өлкөлөрүндө чет элдик кампаларды курууга үндөмөкчү.

КЭР Кытай менен БА ортосунда энергетика тармагын өнүктүрүүнү сунуштоодо, Кытай — Борбор Азия газ түтүгүнүн D линиясынын курулушун тездетип, нефть, газ соодасынын көлөмүн жогорулатып, жаңы энергетика жана өзөктүк энергияны тынчтыкта колдонуу жаатында кызматташуу зарылдыгын белгиледи.

Си Цзиньпиндин айтымында, өнүгүүнүн потенциалын бекемдөө үчүн Кытай БА мамлекеттери менен жакырчылыкты илим жана технологиянын жардамы менен азайтуу багытындагы кызматташтыктын планын иштеп чыгат. КЭР тарабынан каржыланган ишканалар жумушчу орундарды түзмөкчү.

Мындан тышкары, Пекин Борбор Азия мамлекеттерин "Маданий Жибек Жолу" программасына катышууга чакырат, салттуу медицина борборлорун куруп, маданий туризм үчүн атайын поезддердин каттамын демилгелейт.

КЭР лидери Кытай коопсуздукту камсыздоо максатында БА өлкөлөрүнө укук коргоо органдарын күчтөнтүп, коргонуу потенциалын жогорулатууга жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.
 
Источник: https://sputnik.kg/20230519/kytaj-zhardam-beret-1075466242.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад