DataLife Engine > Дүйнө жаңылыктары / Экономика > АКШ Россиядан рекорддук көлөмдө жер семирткич сатып алды

АКШ Россиядан рекорддук көлөмдө жер семирткич сатып алды

АКШ ушул жылдын январь айынан баштап июлдун аягына чейин Россиядан жер семирткичтерди рекорддук көлөмдө сатып алды. Анын баасы 944 миллион долларга жеткен. Бул тууралуу РИА Новости Американын статистика боюнча кызматынын маалыматына таянып жазды.

Ага ылайык, өткөн жылдын жети ай аралыгында АКШнын Россиядан алган жер семирткичинин көлөмү 900 миллион долларды түзгөн. Бул жылы ал көрсөткүч беш пайызга көп болду.

Ошол эле учурда июль айында аталган товарды АКШга экспорттоо июнга салыштырмалуу үч эсе, жылдык көрсөткүч боюнча дээрлик 40 пайызга төмөндөдү (54,4 миллион доллар). Бул 2021-жылдын август айынан бери алып караганда эң аз көрсөткүч.

Россия быйыл АКШга жер семирткич жеткирүү боюнча экинчи орунду ээледи. Биринчи сапта жети ай ичинде 2,8 миллиард долларлык жер семирткич экспорттогон Канада турат. Алдыңкы бештикке Сауд Арабия (484,4 миллион доллар), Израиль (216 миллион доллар) жана Катар (214,2 миллион доллар) кирет.

Жалпысынан алганда АКШ ушул жылдын жети ай аралыгында жер семирткичтерди импорттоону 22 пайызга азайткан, бул алты миллиард долларга чамалайт. Муну менен катар эле Американын бул категориядагы товарды экспорттоосу 36 пайызга кыскарган, ал 3,4 миллиард долларга чейин жетет.

Источник: https://sputnik.kg/20230917/rossiya-aksh-tovar-import-ehksport-zher-semirtkich-1078685255.html скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад