Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:56
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
15:18
Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, ооруканага түштү
15:11
Аттракциондон кулаган кыз. Парк жетекчилиги окуянын чоо-жайын айтты
11:19
Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
14:26
Депутат Якутиядагы окуя боюнча Мамдумага кайрылууну сунуштады
14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
12:23
Бишкекте бет маңдай кагышкан Lexus менен Toyota. Видео
15:26
«Мага жайды чогуу казгыла»: Келинчегин, андан кийин өзүн өлтүргөн адамдын акыркы көз ирмемдери.
10:37
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду
13:48
Бишкек: жолдун боюн каптаган кызыл жалын менен кара түтүн. Өрттүн видеосу
12:45
Бишкектин Свердлов районунда жаңы эки көпүрө курулат
12:04
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
15:58
Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу
15:56
Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду
15:55
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу
15:53
Каныбек Иманалиев: 8-мартта мыйзам эмес, нарк бузулду
10:59
Бишкектеги маршруткалардын теңине камера коюлду
14:31
Бишкектин түндүк тарабында үй өрттөнүп жатат
12:37
ӨКМ: Бишкектеги турак үйдө чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү
11:26
Бишкектеги имамдар ишембиликке чыкмай болду
11:25
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
11:24
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
12:56
Ок чыгарып, 315 миң долларын алып кеткен. Унаа милиционерден уурдалган
12:48
Эреже бузуу кодекси боюнча биринчи өкүм чыгып, пенсионерди соттошту
12:15
Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт
15:34
Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт
15:31
Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалды
15:21
Бишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу
22:00
ОГПИде “QUIZ” оюну болуп өттү
21:58
Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү
15:39
Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө
14:44
Абылгазиев: кооз сүйлөгөндү жактырбайм, иштейли
15:10
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
14:58
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео
14:46
Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты
14:36
Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган
14:15
Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды
14:05
Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды
18:17
Өзгөндөгү соода жайлардын тротуарга чыгып кеткендери алынды
18:12
Оштогу балдар ооруканасына жабдыктар келет
10:57
Режеп Тайып Эрдоган 65 жашка чыкты
10:25
Бишкекте кырсыктаган стилист Мамбеткалиева 9 күн комада жатып каза тапты
10:21
Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө
11:09
Милицияга кара куурай саткан киши кармалды. Сүрөт
Бардык кабарлар

Каркыраны талап кылып... Майра Керим кызы жөнүндө 7 факты

Жан дүйнө
95
0

Чыгармачылыгы оргуштап, таланты ташкындап турган кезинде бул дүйнө менен кош айтышкан инсанды Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактылар менен эскерет. 

Акын, известный исполнитель Майра Керим кызы
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО АКЖОЛТОЙ КАНАТБЕК УУЛУ
Акын Майра Керим кызы

 

Бухгалтер кыз. Казак жана кыргыз элинин таланттуу акыны Майра Керим кызы 1962-жылы 8-январда Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө жети бир туугандын бешинчиси эле. Атасынан эрте ажыраган жаш кыз мектепти аяктаган соң жогорку окуу жайда билим алып, бухгалтер кесибине ээ болот. Кийин кичи мекенине келип саанчы болуп эмгектенген.

Аккан арыктан суу агат. Бала кезинен колуна домбурасын алган обончунун энеси Айганыш кыргыз, Ысык-Көлдүн кызы эле, комуз чертип, дастан айткан. Атасы Керим да төкмө, дастанчы болгон. Ошентип төкмөлүк өнөр ага ата-энесинен өтүп, түрдүү сынактарга катышып, туулуп-өскөн жеринде таанылган.

 

Ысык-Көлдүн келини. Акын өмүрлүк жолдошу менен Казакстанда таанышкан. Ошол кезде Ысык-Көлдүн кулуну Канат Байышов коңшу өлкөдө куруучу болуп иштеп, ошол жакта жашап жүргөн эле. Жүрөккө чок салып Кыргызстанга кетип калган жигитти Майра кыз бир жарым ай өткөндөн кийин өзү издеп келген. Бири-бирин сүйгөн жаштар баш кошуп 90-жылдары биротоло Кыргызстанга көчүп келишкен. Келин болуп келгенден кийин да Майра Керим кызы чыгармачылыгын улантып, кайын журтунда да өз күйөрмандарын таба алган.

Кыргыз төкмөлөрүнүн чолпону. Акын 2000-жылдардын башында төкмөчүлүк өнөрүнө көңүл бурулбай калганда Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыровдор менен сахнага чыгып, айтуучулуктун кайра жанданып өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Аял кишинин бул өнөргө аралашышы адаттагы көрүнүш эмес эле, андыктан Майра Керим кызынын сахнага чыгышы, таамай айткан сөзү, өзүнө гана таандык авазы акынды кыргыз төкмөлөрүнүн чолпонуна айланткан.

Казактардан Каркыраны талап кылып… Бишкекте 2008-жылы 31-август күнү өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата айтыш уюштурулган. Анда кыргыз, казак акындары ат салышкан. Майра Керим кызы коңшу өлкөнүн акыны Серик Калиевге туш келет. Ошондо Казакстанга Каркыра жайлоосунун бир бөлүгү өтүп кеткендигин сөз кылып, "талаа жетпей жатабы, кыргыздын жайлоосун кайтарып бергиле" деп агынан жарыла талап коюп көпчүлүктү уу-дуу кылган.

Эмгеги бааланбаган талант. Майра Керим кызы 250дөн ашык ыр жазган. Эмгекчилдикти жактырган инсандын "Жар керек", "Сени сүйгөн бир адам бар" өңдүү 50дөн ашык обону азыркыга чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Калк арасында көбүнчө төкмө акын катары белгилүү болгон Майра Керим кызынын сахналаштары анын чыгармачылыгы өз убагында бааланбай калгандыгын айтып келишет. Ага бир дагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган эмес.

 

Жаш кеткен акын. Бирине бири тирек болуп түтүн булаткан түгөйлөр эки уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Улуу баласы менен кызы учурда Казакстанда жашаса, кичүү баласы Акжолтой апасынын жолу менен кетип, колуна комуз алып төкмөлүк менен алектенип келет. Көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси болгон Майра Керим кызы 2009-жылы катуу ооруп жатканына карабай Нарынга чейин барып айтышка катышкан жайы бар. Ал он жыл мурун 47 жашында оор илдеттен көз жуумп, сөөгү Тоң районунун Ак-Сай айылында жерге берилген.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190108/1042773304/tokmo-akyn-majra-kerim-kyzy-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно