Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
11:47
Бишкек мэринин орун басарлары дагы көчмө жыйын өткөрө баштады
11:37
Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео
13:01
Башкы прокурор: Атамбаевге каршы Батукаевдин көрсөтмөсү бар
12:59
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
12:56
Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда
11:54
Көлдөгү жол кырсыктан бир кыз каза болду. Тамтыгы чыккан унаанын видеосу
13:01
Айыл турмушу: «Шумкар» полкунун кызматкери Ч.Чалабаевдин спорттогу ийгиликтери
10:02
Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты
09:42
Атамбаевдин "иши". Иманалиев мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди
09:15
"Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда. Сүрөттөр
09:12
Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы музейге директор болду
13:51
Аялдар эмнеге стресс болот? Окумуштуулар негизги себеби тууралуу
17:23
Бишкектин борборунда сары футболкачан адамдар митингге чыкты. Талабы эмне
16:57
Көлдүн Сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды
16:55
6 жаштагы шахматчы Султай "Лучше всех" шоусуна барып, Галкинди таң калтырган. Видео
16:42
150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады
11:20
Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү
12:03
Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду
12:02
Мэрия сатылып кеткен 5 гектар жерди Бишкектин менчигине кайтарып алды
11:41
Бишкекте 12 өлкөнү бириктирген ШКУ саммити өтүүдө. Тексттик трансляция
15:35
«Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырышканбы же кыз зордукталганбы?
15:30
Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр
14:56
Бишкектеги ШКУ саммити. Учурда эмне болуп жатат
10:39
Кыргызстанда активдүү мигранттар үчүн жайкы лагерь иш алып барат
10:34
Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты. Сүрөттөр
10:32
Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады
17:19
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу
17:18
Өзү билип аскер бөлүгүн таштап кетүүгө аракеттенген жоокер кармалды
17:15
Чагымчылдык! Кеңешчиси Атамбаевдин айдоочулук күбөлүгү тууралуу үн катты
14:59
Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
13:21
Балыкчыдагы батут кырсыгы: 3 жашар кыздын абалы оор
Бардык кабарлар

Ашыгына алоолонуп араң жеткен акын. Жолон Мамытов тууралуу 7 факты

Жан дүйнө
93
0

Кыргызстан агенттиги залкар таланттын чыгармачылыгы жана өмүр жолунан кызыктуу фактыларды топтоого аракет кылды.

Жолон Мамытов тууралуу акындын жубайы, жазуучу, драматург Меңди Мамазаирова айтып берди.

Үйдүн көкүрөк күчүгү. Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкан айылында төрөлгөн. Атасы Мамыт 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип кайтып келген эмес. Ага чейин айылда бригадир болчу. Апасы Алмакан ошол чөлкөмдө белгилүү чебер, уз, кошокчу жана ашкан сулуу аял болгон экен. Жолон Мамытов беш бир туугандын кичүүсү болгондуктан эрке, оюн эркин айтып өскөнү айтылат.

Кыргызский поэт прозаик, переводчик Жолон Мамытов
© ФОТО / ИЗ СЕМЕЙНОГО АРХИВА МАМЫТОВЫХ
Борборго жогорку окуу жайга тапшырам деп барып акын орус тилинен дилбаян жаза албай өтпөй калган. Акыры кокустан эле Айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүнөн окуп калат.

Мал доктур. Борборго жогорку окуу жайга тапшырам деп барып орус тилинен дилбаян жаза албай өтпөй калган. Акыры кокустан эле Айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүнөн окуп калат. Мал доктур адистигин аяктап, Кара-Суу районунун "Катта-Талдык" совхозунда башкы ветврач болуп иштеген.

Ашыгына араң жетип... Акындын жубайы Меңди Мамазаирова да чыгармачыл адам, жазуучу, журналист. Акындын сүйүү ырларынын жаралышына да ушул адам себепкер. Кезинде экөөнүн баш кошуусуна ата-энелер каршы болуп, Жолон Мамытов ашыгына араң жеткен экен. Меңди Мамазаирова жолдошу экөөнүн сүйүүсүн кыскача айтып берди.

Кыргызский поэт прозаик, переводчик Жолон Мамытов
© ФОТО / ИЗ СЕМЕЙНОГО АРХИВА МАМЫТОВЫХ
Акындын жубайы Меңди Мамазаирова да чыгармачыл адам, жазуучу, журналист. Акындын сүйүү ырларынын жаралышына да ушул адам себепкер.

"Экөөбүз бир уруудан болчубуз. Бирибиз Ак-Буура дарыясынын аркы өйүзүндө, экинчибиз берки өйүзүндө жашачу элек. Той-топурларда анда-санда көрүшүп калчубуз. Кичинесинен эле таланттуу бала болчу. Кээде бизге оюн коюп келип калчу. Ошентип ал мектепти бүтүп шаарга окууга кетти. Мен болсо Салиев атындагы кыргыз кыздар мектебинде окучумун. 8-класста окуп жүргөн кезде мага Жолондон каттар келе баштады. Ал учурда анын да, менин да ырларым гезиттерге чыга баштаган. Ошентип экөөбүз кат менен сүйлөшүп баштадык, бирок жолугушкан жокпуз. Анан мен мектепти бүтүп университеттин 1-курсунда окуй баштаганда гана кыз-жигит болдук. Баш кошолу дегенде ата-энелерибиз каршы чыкты. Анткени алардын туугандык жайы бар болчу. Бирок биздин сүйүү эч нерсеге караган жок. Сабыраалы Кулуев деген Жолондун досунун жардамы менен үйлөнүп алдык. Аны укканда ата-энебиз издеп "талаада үйлөнүп алат деген эмне тамтык" деп намыстанышып, кайнеже-кайнагаларым ата-энемдин алдына келип анан той болгон".

Камкор ата, мээримдүү жар. Чыгармачыл үй-бүлө бир кыз, үч уулдуу болушкан. Бирок экинчи уулу 2011-жылы жүрөк оорусунан көз жумган. Маяк жана Азамат аттуу уулдары учурда режиссер болсо, кызы Айгерим модельер. Меңди Мамазаированын айтымында, жолдошу аябай баласаак, камкор ата эле.

"Балдарын аябай жакшы көрчү, алардан эч нерсесин аячу эмес. Үйдө болсо "бул аялдын оокаты, бул эркектики" деп бөлбөй жасаар эле. Мага жардамдашып, жаныман чыкчу эмес. Тамашалап "оң колум" деп койчумун. Айылда болобу, шаарда жашайбызбы, үйдөн киши үзүлчү эмес. Ошондо Жолон колуман ала калып жасашчу", — деп эскерет Мамазаирова.

Кыргызский поэт прозаик, переводчик Жолон Мамытов
© ФОТО / ИЗ СЕМЕЙНОГО АРХИВА МАМЫТОВЫХ
Чыгармачыл үй-бүлө бир кыз, үч уулдуу болушкан. Бирок экинчи уулу 2011-жылы жүрөк оорусунан көз жумган. Маяк жана Азамат аттуу уулдары учурда режиссер болсо, кызы Айгерим модельер. Меңди Мамазаированын айтымында, жолдошу аябай баласаак, камкор ата эле.

Жолон Мамытов тамакты да жакшы жасачу экен. Тамакты түрлөп жасаганды ал Москвадагы Горький атындагы институттун алдындагы адабият боюнча жогорку курста окуп жүргөндө Эркин деген теңтуш баласы экөө үйрөнгөн.

Сүйүү акыны. Жолон Мамытов сүйүү темасына көп токтолгон акындардын сап башында. Көпчүлүк ырларын жубайы Меңди Мамазаировага жетпей жүргөндө жазган. "Экөөбүз бири-бирибизге жетпей арзышып, алоолонуп канча жүрдүк. Баш кошкондон кийин деле окууну улантуу үчүн мен шаарга кеттим, ал мал доктур болуп тоонун башында калды. Ошол учурда да далай ыр саптарын жараткан", — дейт жары.

Ак кан оорусу менен алышып. 48 жашында Жолон Мамытов лейкоз (ак кан) илдети менен ооруй баштайт. Илдет менен жарым жылдай алышып, Москвага дарыланууга барып ошол жактан көз жумган. Жубайынын эскерүүсүндө, акын дартын өзү билген, бирок ал тууралуу жакындарына айткан эмес.

 

"Дарылаталы деп Москвага бардык. Бирок кеч болуп калыптыр. Дарыгерлер "эртерээк келсеңер болмок" деп айтканда Жолондун жанында турган Кыргызстандан коштоп барган гематолог дарыгер башын жерге салып аябай жаман болуптур. Анда Жолон "ай, жигит башыңды көтөр. Кесибиң боюнча мындай оорунун далайын көрөсүң" деп кайраттандырган экен. Бул тууралуу ошол дарыгер бала мага 13 жылдан кийин айтып жатпайбы. Мен дагы жолдошум оорусун билбей ошол Москвадан укту го деп ойлоп жүргөм. Көрсө, өзү ветврач болсо, дартын эбак эле билип бизге айтпай жүрүптүр...", — деди жубайы.

Кыргызский поэт прозаик, переводчик Жолон Мамытов
© ФОТО / ИЗ СЕМЕЙНОГО АРХИВА МАМЫТОВЫХ
Солдон оңго: режиссер Болот Шамшиев, актриса Айтурган Темирова жана акын Жолон Мамытов. Чыгармачыл адамдар Якутияга кино делегация менен барган. Кезинде Мамытов Кыргызстан кинематографисттер союзунун жооптуу катчысы, республикалык Госкинонун башкы редактору болгон.

Чыгармалары. Жолон Мамытовдун "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Дагы: https://sputnik.kg/culture/20190407/1043856381/zholon-mamytov-tuuraluu-7-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик