Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
23:25
Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасы Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
23:24
Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташып, кезек жоюлду
23:25
Казакстандын УККсы чек арадагы фуралар боюнча көрүнүшкө түшүндүрмө берди
23:28
Кыргызстандыктар, өзбекстандыктар чек арадан эми ID-карта менен өтө алат
22:07
Диетолог стресстен оңой чыгууга жардам берчү азыктарды айтты
23:26
Кыргызстандык академик чек арадагы көйгөйлөрдөн улам казак бийлигине кайрылды
23:34
ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүүдө
22:51
ЕАЭБде курулуш темпи активдешти. ЕЭКтин алты ай боюнча маалыматы
23:30
Трансулуттук УКТ мүчөсү кыргызстандыктын $1,8 млн криптовалютасын ээлеп алган
23:26
Администрация: Садыр Жапаров “Барселонанын” легендалары менен таймашат
23:17
Бали! Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
23:43
Өлүмдөн кийинки өмүр. Бүгүн ырчы Виктор Цой эскерилүүдө
23:03
ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
23:02
Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи
23:01
Санкт-Петербургда кыргызстандык таксист келиндин төрөтүнө жардам берди
22:58
Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады
22:57
КМШ оюндары. Самбо боюнча курама команда 3 медаль жеңди
22:56
КМШ оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы күмүш медаль багындырды
22:51
Россиялык дарыгерлер Ошто кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасашты
22:48
Адистер кечки тамактан баш тартуу эрте өлүмгө кептээрин билдирди
22:18
КМШ оюндарында дагы бир күмүш! Мушкер Алмаз Орозбеков медаль тагынды
Бардык кабарлар

"Ит тууду" деп аман алып калышкан. Манастын апасы Чыйырды тууралуу 9 факты

Жан дүйнө
1 205
0

Манастын образы миңдеген-миңдеген муундарга үлгү болуп келет. Баатыр баланы төрөп эрезеге жеткирген анын энеси Чыйырды апа энеликтин өрнөгү жана эпостогу окуялардын башталышында турган эненин образы. Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 9 фактыны сунуш кылабыз.


Чыйырды деген адам ысымдын мааниси. Кыргыздар эң биринчи салынган жолду, же аппак кар жаап, эч ким баса электе жол салып баскан адамдын изин "чыйыр" деп аташат. Улуу мурасты жаратуучулар да "Манас" эпосунда адабий каарман катары Чыйырды энени Манасты төрөп, тарбиялап, эл тарыхы үчүн энелик чыйыр салган деп эсептешет. Чыйырды — мекенчил, баатыр уулду төрөп, тарбиялаган эненин символдук образы.

 

Чыйырдынын Жакып ханга жолукканга чейинки тагдыры да, ысымы да башкача болгон.Анын чыныгы ысымы — Шакан. Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча ал Жакыптын агасы Чыйыр деген кишинин аялы болот. Чыйыр каза болгон соң салт боюнча кайниси Жакыпка жеңесинин башы байланат. Ошондон кийин ар ким "Чыйырдын аялы", "Чыйырдын зайыбы" деп отуруп, бара-бара Чыйырды болуп кетет.

Чыйырды бала деп зарлап жашайт. Бай Жакыптын Алтайда тоолор толо түмөн малы, анын ичинде токсон миң топозу болсо да үйүндө кыңылдап ыйлаган бала үнү угулбайт. Мына ушундай абалда болууга Чыйырды да өзүн күнөөлүү сезип, кайгы менен азапты башынан өткөрөт. Эпосто анын ат көтөргүс арманы да трагедиялуу берилет.

Бала төрөө үчүн Чыйырдынын элдик ишенимдерди аткаруусу. "Караан калган көп малдан, жылкынын баарын соёлу, дүнүйөнү чачалы, сандыктын оозун ачалы" деп, мал-дүйнө артынан түшкөн абышкасын ийге келтирип, элден бата сурайт. Төрөбөгөн аялды ээн токойго жалгыз алып барып таштоо керек деп айтышканда, Жакып зайыбын ошондой кылып ардантат, арданган Чыйырдынын боюна бүтөт. Бул анын намыскөйлүгү. Жолборстун этине талгак болот жана ошонусу менен эле болочок баласын сактоонун камын ойлойт.


Чыйырды "ит тууп жиберет". Душмандар эски балкитептерин окуп отуруп ошол жылы өздөрүнө душман болор кыргыз уулу Манастын тууларын билишет да, боюнда бар аялдардын ар биринин ичин жарып, баласын алып чыгат. Ар журтка тыңчылыкка кечил коёт, ошондо катындар ушул кечилден жашырып Чыйырды бала төрөгөндө "ит тууп салды" деп кечилди алдашат. Мына ошентип ал баласын кандай жол менен болсо да аман алып калууга макул болот.

 

Чыйырдынын эмчегинен кан чыккан. Манасты биринчи жолу эмизгени эмчегин салганда жаңы төрөлгөн наристе эмчегинен кан чыгара сорот. Ошондо Чыйырды баласынын тагдыры башкача болорун боолголойт. Уулу тарбиясыз "Чоң жинди" аталып жүргөндө да аны тарбиялоо үчүн Ошпур деген койчу башчыга берүү сунушун да ушул энеси киргизет. Көп жолу атасы Манаска капа болгондо Чыйырды аны тыйып турат. "Алтай бизге жер эмес, калмак бизге эл эмес, Манасты арка кылып көп кыргызга качалы" деген сөзү менен Жакып хан баш болгон кыргыздарды арданткан да Чыйырды болгон.

Чыйырды баласына эмчектеш табат. Манас баатырды издеп, аны дос тутунуу үчүн келген душман тараптын өкүлү Алмамбетке да Чыйырды эмчегин салат, ошондо эчак соолуп калган эмчеги ийип, сүт чыгып, Алмамбет менен Манас эмчектеш болуп калат. Муну Чыйырды апа атайын чоң максатта жасайт.


Баласы Манас өлгөн соң келини менен небересин тарбиялоого катышат. Абыке-Көбөш арамдык кылып, ата тукумун соолутаар кезде ооруп жатканына, сексен жашка таяп калганына карабай Чыйырды апа келини Каныкейге кошулуп, бешиктеги небереси Семетейди бооруна кысып таятасынын элине Букарга алып баруу үчүн жолго чыгат. Ал жакта Каныкей төлгө кылып Тайторуну байгеге кошор алдында да Чыйырдыдан акыл сурайт, эне келинине ак батасын берет.

 

Үчилтиктин "Семетей" бөлүмүндө да Чыйырдынын орду бар. Манастан калган туякты Букар жеринде тарбиялоодо, анын жери Талас, эли кыргыз экенин угузууда, Таласка келүүдө жана ал жерде душмандан өч алууда да Чыйырды акылчы, кеңешчи, токсон бешке келген чоң эне катары эпостун сюжетиндеги айрым эпизоддорго катышканын көрөбүз.

Дагы: https://sputnik.kg/culture/20190504/1044213122/chyjyrdy-tuuraluu-9-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик