Бүгүн:

Акыркы кабарлар

09:55
Мүлктөр итбекер сатылган. Прокуратура профсоюздар боюнча маалымат берди
14:48
Күн жылый баштайт. Бир жумага карата аба ырайы
14:33
Аламүдүн айылы эл ташыган 8 автобустуу болду.
12:56
"Ак-Жол" бекети жаңы тартип менен иштей баштады
12:54
"Кант" базасынын авиациясы Жеңиштин урматына арналган аскер парадына катышат
12:51
УКМК 50 миң сом пара алып жаткан "Ошэлектр" ишканасынын эки кызматкерин кармады
12:33
Бишкектен канча сомго үйлүү боло аласыз? Шарты, төлөө мөөнөтү жана дареги
14:08
Шайлоо системасын жакшы билет. Мамкаттоонун жаңы төрагасы тууралуу 5 факты
12:30
Мамэкотехинспекцияга жаңы жетекчи дайындалды
12:21
Элчи кореялык компанияга Кыргызстанда логистикалык борбор курууну сунуштады
12:17
Кыргызстандыктар 24-февралда эс алабы?
11:33
Кыргызстанга акча которуулар 280 млн. долларга кыскарды
14:34
Кумтөр кенинде кызматкер кырсыктап, көлгө түшүп кеткени айтылууда
14:01
Быйыл дыйкандар эмнелерди эксе болот? Айыл чарба министрлигинин кеңеши
13:53
Россия КРге аба чабуулунан коргонуу каражаттарын эмнеге жайгаштырууда. Саресеп
13:52
Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова иштен кетти
13:47
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:37
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:12
"Тегин" сөзүн фамилияга кошууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталды
12:53
Депутат: Сокулукта адамдын өлгөнү тууралуу маалым кат бербей акча жасап жатышат
17:07
Шайлоону утурлай. Ош шаарына каттоого тургандардын саны 34 миңге көбөйдү
10:50
Согуш ардагерлеринин жөлөк пулун көбөйтүү сунушталууда
15:26
Бир күндө 4 миңдей казакстандык Кыргызстандын аймагына өттү
11:45
БШКнын төрайымы Россиядагы мекендештерге парламенттик шайлоо боюнча маалымат берди
14:31
Токаев: КР менен чектешкен аймактагы башаламандыкта каза болгондор бар
14:29
Тизилген долларлар... Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды
13:25
Бишкек: жер тилкелеринин берилиши түз эфирден көрсөтүлмөй болду
12:48
Кыргызстандагы бажы органдарынын 26 кызматкери жазаланды
12:26
Нарын облусу үчүн даярдалган жаңы логотип катуу сынга кабылды
17:18
Министрлик Румыния жана Латвияда акысыз билим алчуларга сынак жарыялады
17:09
Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды
11:37
Толук жаңылаш керек! Үч-Коргон ГЭСин оңдоого 145 млн. доллар алынат
11:25
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
11:00
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
10:37
Министрлик: мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат
13:12
Кытайдагы кыргызстандык айрым студенттерге азык-түлүк жеткирилди
13:01
Кытайда коронавируска каршы чыгарылган россиялык препарат сыналууда
12:36
КР аэропортторун тышкы башкарууга кандай шарт-талап менен берери айтылды
11:59
Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгына биринчи жолу аял жетекчи дайындалды
11:28
Министрлик Индонезияда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыялады. Шарт-талабы
11:11
Аликбек Жекшенкулов КРдин Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды
16:51
Ирандын борбору Тегеранга Бишкектен самолёттор түз уча баштады
16:48
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
16:37
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
16:36
Прокуратура өлкөдө 3000ден ашуун жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин аныктады
Бардык кабарлар

Мындай баш кийимдерди издеп таппайсыз! Сиз көрө элек 10 калпактын сүрөтү

Жан дүйнө
101
0
Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу калпак сынагы өткөрүлүп, жыйынтыгы кечээ, 30-сентябрда, чыкты.
Төрт талаа бычылган калпак. Муундан-муунга — кыргыз калпагы иш тобу тарабынан 2009-жылы калпактын атайын концепциясы иштелип чыккан. Ал концепцияга таянсак, 1 жаштан 12 жашка чейинки балдардын калпагынын кийизинин түсү ак, көк, чөп жашыл, ачык күрөң болуп, кыюусу да адатта жашыл, көк сыяктуу ачык түстөр менен кооздолгон. 
Сынакка 52 калпак келип түшкөн. Алардын ичинде көп жылдан бери атадан балага мурас катары өтүп келе жаткан таберик, өзгөчө ыкмада жасалган туюк калпактар бар. Мыкты аталган баш кийимдердин сүрөттөрүн агенттиги сунуштайт.
Жылкынын жалынан жасалган калпак. Кол өнөрчү Клара Асангулованын колунан жаралган эмгек. Калпак Манас эпосундагы каармандардын сүрөтүнө таянып жасалып, кол башчы жоокердин образына туура келет. 

 

Уюштуруучулардын бири Дөөлөт Рысбаевдин айтымында, калыстар тобу калпактарды "Таберик калпак", "Туюк калпак" "Төрт талаа калпак" жана "Дизайнерлик калпак" деп төрт бөлүккө бөлүп тандаган.

Туюк калпак. Бул баш кийим Ысык-Көл облусунун тургуну Эркингүл Акунова тарабынан уютулуп, бордолуп жасалган. Маңдайына Кыргыз ата белгиси түшүрүлгөн. Кыргагы кылдан өрүлүп бекитилип, кара тырмак саймасы сайылган. Азыр мындай калпактар кийилбейт.

"5-март - калпак күнүнө карата атайын сынак жарыялаганбыз. Төрт ай аралыгында жалпы 52 калпак келип түшүп, 5-июль күнү калыстар тобу ар бирин карап жыйынтык чыгарган.

Туюк калпак. Ысыккөлдүк кол өнөрчү Керимжан Карымбаеванын айтымында, мындай калпактарды Советтер Союзу убагында пионерлер кийчү. Бул баш кийим жүндөн уютулуп жасалып, маңдайы жазы болуп тилинген. 

Андан соң дагы төрт ай мыкты делген баш кийимдер Ысык-Көлдөгү "Рух ордо" музейинде көргөзмөдө турду. Сынактын максаты — салттуу баш кийим жасоо ыкмасын жандандыруу.

Үлпөт тойдо кийгизилген калпак. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степное айылынын тургуну Талантбек Курманбековдун айтымында, калпак ага атасынан мурас катары калган. Бул баш кийимди атасына чоң ата, чоң энелери 1993-жылы үлпөт тоюнда белек кылып кийгизишкен. Анткени азыркы жаштар салттуу калпак кандай жасаларын билбейт. Колго кийиз жасабай, сатып алып эле тигип жатышат.

Туюк калпак. Кол өнөрчү Неля Чолпонбаеванын айтымында, бул калпакты эки түр кылып кийсе болот. Саймаларын маңдайына каратып кийсе бакай калпак болуп калат. 

Бирок илгери кыргыздар калпактын кийизин колго уютуп жасашкан. Табигый таза жүн колдонулган. Жеңүүчүлөрдү да аныктоодо ушул критерийлер эске алынды", — деди Рысбаев.

Туюк калпак. Кол өнөрчү Кымбаткүл Качаганова уютуп жасаган туюк калпак. Жаштар кийгенге ылайыктуу. Ак жана боз жүндөн эки кат кылып жасалып, асты шырылып, чырашталган.

Алсак, "Таберик калпак" номинациясында эң эски, атадан балага мурас катары өтүп келе жаткан калпактын мыкты үлгүлөрү жеңүүчү аталып, 10 миң сомдон сый акы алышкан.

Кызыл кыргактуу калпак. Кол өнөрчү Клара Асангулованын колунан жаралган эмгек. Төрт талаа болуп бычылып кызыл баркыт менен кыргакталган. Мындай калпактарды көп учурда кыл мурут бозойлор кийген. Илгери кызыл кыюусу бар калпак кийген жигит кошуна айылга барып калса кыз издеп келген экен деп жоруп коюшчу.
Дагы: https://sputnik.kg/photo/20191001/1045853757/ozgocho-ykma-menen-zhasalgan-kalpaktardyn-surotu.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно