Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

Голливудду багындырган казак режиссёр. Тимур Бекмамбетов тууралуу 7 факты

Жан дүйнө
6
0

Казакстандык Тимур Бекмамбетов мындай максатын ишке ашырган орто азиялык жалгыз режиссер.

Тимур Бекмамбетов бир гана казак эмес, бүткүл Орто Азия кино тармагынын сыймыгына айланган инсан. Ал ошол эле учурда мурдагы СССРге караштуу өлкөлөрдөн чыгып, эң көп каражат тапкан киночулардын сап башында турат. Sputnik Кыргызстан агенттиги бүгүн 59 жашка чыккан таланттуу режиссёр тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Хандын тукуму. Тимур Бекмамбетов 1961-жылы 25-июнда Казакстандагы Гурьев шаарында (азыркы Атырау) жарык дүйнөгө келген. Анын ата-теги 10-кылымга чейин барып, байыркы казак хандыгынын тукуму экендиги айтылат. Атасы казак улутундагы Нуруахит Бекмамбетов көп жыл "Гурьевэнерго" компаниясында жетекчилик кызматтарды аркалап, расмий болбосо да Батыш Казакстандын башкы энергетиги аталып турган. Ал эми апасы еврей кызы Мира Богословская облустук гезитте редактордун жардамчысы болгон. Бардар үй-бүлөдө чоңойгон болочоктогу режиссёрду жаркын келечек күтүп турган эле. Орто мектепти бүтөрү менен атасынын кеңешинен чыкпай Москвадагы Энергетика институтуна тапшырат. Бирок жүрөгүнө туура келбеген кесип тандаганын дароо байкап, бир жылга жетпей окуусун таштайт. Алдыдагы жашоосун жакшылап пландоо максатында советтик армиянын катарында Түркмөнстанда эки жыл кызмат өтөп, турмуштагы чыныгы каалоосу чыгармачылык экендигин сезет. Аскердик мөөнөтү аяктаары менен Ташкент шаарына сапар алат. Ал жакта Көркөм театр институтунун театр жана кино сүрөтчүсү бөлүмүнө тапшырат. Студенттик кезинде эле "Ильхом" театрында жана "Өзбекфильм" студиясында коюучу-сүрөтчү катары иштей баштайт. Окуу жайды кино жана театр жаатында тажрыйбасы мол студент катары 1987-жылы аяктайт.

Режиссер и продюсер Тимур Бекмамбетов во время встречи руководителей компаний-лидеров отечественного кинопроизводства с министром культуры РФ Владимиром Мединским в Москве.
© SPUTNIK / КИРИЛЛ КАЛЛИНИКОВ
Режиссер Тимур Бекмамбетовдун атасы казак улутундагы Нуруахит Бекмамбетов көп жыл "Гурьевэнерго" компаниясында жетекчилик кызматтарды аркалап, Батыш Казакстандын башкы энергетиги аталып турган. Ал эми апасы еврей кызы Мира Богословская облустук гезитте редактордун жардамчысы болгон.

Жарнамадан башталган чыгармачылык. Тимур Бекмамбетов СССР ураган 1990-жылдардын башында чыгармачылыкка баш-оту менен аралашуу үчүн Москвага кайрадан жол тартат. Жаш жигиттин башкы максаты — театрда иштөө эле. Бирок ойлогон ою ишке ашпай, күнүмдүк жашоосуна каражат табуу үчүн жарнамалык роликтерди тарткан фирмага жумушка кирет. Бул чөйрөдөгү инсандар жаш режиссёрдун талантын дароо эле байкашат. Жасаган эмгектери ийгиликтүү болуп, жетиштүү каражат жана абройлуу тааныш тапкан соң 1994-жылы "Империал-фильм" аттуу жеке жарнамалык компаниясын түптөйт. Ал тез арада өлкөдөгү эң мыкты компаниялардын бирине айланат. Бекмамбетовго таандык роликтер фестивалдардан байгелүү орундарга жетишип, сыналгыдан түшпөй калат. Анын эмгектеринин арасынан "Империал" банкы үчүн тарткан 15 бөлүмдөн турган жарнамасы болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жетишип, азыркыга чейин унутулбаган классикалык чыгармага айланган. Бекмамбетовго бир гана россиялык эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги ишканалардан буюртмалар түшө баштайт. Режиссёрдун чыгармачылыгы кесиптештери тарабынан да татыктуу бааланып, Россиянын Жарнамачылар академиясына мүчөлүккө кабыл алынат. 

Кирешелүү тасмалардын автору. Бекмамбетов биринчи узун метраждуу тасмасы "Пешавар вальсын" 1994-жылы тартат. Сценарийин жазып, өз чөнтөгүнөн каржылаган фильм чыныгы окуядан алынып, Афганистандагы согушту сүрөттөйт. Алгачкы эмгеги дароо эле ийгилик жаратып, АКШга чейин көрсөтүүгө чыгат. Ага кошумча Бекмамбетовго эл аралык белгилүүлүк алып келип, абройлуу делген Карловы Вары жана "Кинотавр" кинофестивалдарында "Мыкты режиссёр" наамына татыйт. Ошентсе да эң чоң ийгилик аны алдыда күтүп турган эле. Бекмамбетов 2004-жылы жазуучу Сергей Лукьяненконун фантастикалык чыгармасы "Түңкү күзөттү" экрандаштырат. Тасма болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратып, 33 миллион доллар киреше алып келет. Ошол эле учурда режиссёрдун атын дүйнөлүк аренага алып чыгат. Англиядагы белгилүү Empire журналы тарыхтагы эң мыкты 100 кинонун катарына кошот. Фильмдин ийгилигинин артынан дароо уландысы "Күндүзгү күзөт" тартылып, 44 миллион доллар пайда табат. Бул эки эмгегин белгилүү америкалык режиссёр Квентин Тарантино да жогору баалап, алардын фэнтези түрүндөгү шедеврлер экендигин айтып, Бекмамбетовду "чыныгы визионер" деп атайт. Андан соң тартылган легендарлуу советтик тасма "Тагдыр тамашасынын" уландысы сынчылардын купулуна толбосо да 50 миллиондон ашык каражат алып келет.

 

Тимур Бекмамбетов, Джон Чо, Аниш Чаганти и Дебра Мессинг из фильма Поиск студии IMDb участвуют в шоу на съемочной площадке кинофестиваля Sundance 21 января 2018 года в Парк-Сити, штат Юта, США.
© AFP 2020 / TOMMASO BODDI
Тимур Бекмамбетов Голливуд жылдыздары менен

Голливудду багындыруу. Бекмамбетовдун Россияда биринин артынан бири келген ийгиликтери Голливуддагы компаниялардын да көз жаздымында калбайт. Режиссёр 2005-жылы дүйнөдөгү эң ири кинокомпаниялардын бири "ХХ кылым Фокс" менен келишим түзөт. АКШдагы алгачкы тасмасы дүйнөлүк жылдыздарга толгон 2008-жылкы "Өтө коркунучтуу" болот. Анда Анжелина Жоли, Морган Фриман сыяктуу актёрлор роль алышат. 75 миллион долларга тартылган тасма 341 миллион киреше алып келет. Андан соң Американын тарыхын тамашалуу түрдө сүрөттөгөн "Авраам Линкольн: вампирлердин аңчысы" комедиясы жарыкка чыгат. Бирок Бекмамбетовдун Голливудда тартылган акыркы тасмасы "Бен-Гур" ийгиликке жетише албайт. 2016-жылы жарыкка чыккан тарыхый фильм көрүүчүлөрдүн да купулуна толбой, коротулган каражатты да кайтара албайт. Режиссёр Голливудда тартылган тасмалар Америкага таандык деп эсептебейт. Журналисттер менен болгон маектеринин биринде "Голливуд киносу — дүйнөнүн булуң-бурчунан келген инсандар биргелешип тарткан кино" деп айткан. 

Режиссёрлорду колдогон продюсер. Тимур Бекмамбетов режиссёрлук менен гана алектенбестен, өз ишин жакшы билген продюсер катары да мыкты эмгектерди жараткан. Ар дайым жаш авторлорду каржылык жактан колдоп келген Бекмамбетов "Тартуу учурунда колуман келсе режиссерлорго кеңешимди айтып турам. Бирок ар дайым акыркы чечимди өздөрү кабыл алышын каалайм" деп айткан жайы бар. Продюсер катары жалпысынан элүүгө жакын кинону жарыкка чыгарат. АКШда өзү тарткан тасмалардан сырткары "Апполон 18", "Фантом" жана "9" сыяктуу чыгармаларды каржылаган. Ал эми Россияда "Балатылар" жаңы жылдык киносериясына, "Кара чагылган", "Мырзалар, ийгилик!", "Муз ханышасы" жана башка фильмдердин жаралуусуна өбөлгө болгон. Режиссёрдун карьерасы боюнча өзү автордук жана продюсерлик кылган тасмалары жалпысынан жарым миллиард доллардан ашык пайда тапкан.

 

Панельная сессия Индустрия кино и передовые технологии в рамках ПМЭФ 2015
© SPUTNIK / АЛЕКСЕЙ КУДЕНКО
Бекмамбетов биринчи узун метраждуу тасмасы "Пешавар вальсын" 1994-жылы тартат. Сценарийин жазып, өз чөнтөгүнөн каржылаган фильм чыныгы окуядан алынып, Афганистандагы согушту сүрөттөйт. Алгачкы эмгеги дароо эле ийгилик жаратып, АКШга чейин көрсөтүүгө чыгат.

Киного жаңылык алып келген. Тимур Бекмамбетов дүйнөлүк кино тармагына жаңылык алып келген инсандардын бири. Ал алгачкылардан болуп кинодогу жаңы түр болгон screen-life (фильмдеги окуя баштан аяк компьютердин же акылдуу телефондун экранында өтөт — ред.) тасмаларды тарта баштаган. Бул тууралуу режиссер өзү да "Акыркы 15 жылда адамдардын бири-бири менен мамилеси санарип дүйнөгө көчтү. Жашообуздун баары компьютер же акылдуу телефондордо өтүп жатат. Эгерде тасмада чыныгы жашоону көрсөтөбүз десек, screen-life кинолор да тартылышы керек" деп айткан. Бул түрдөгү "Достордун катарынан өчүрүү" жана "Издөө" тасмалары көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жакшы киреше алып келген. Аз акчага тартылып, бирок көп пайда тапкан түргө ири компаниялардын да кызыгуусу көп. Үстүбүздөгү жылы Бекмамбетов Universal студиясы менен 5 screen-life кино тартуу боюнча келишимге кол койгон. Ошол эле учурда режиссёр "экрандагы кинону" чыныгы искусствого айлантуу үчүн да бар күчүн жумшоодо. Мунун алгачкы жыйынтыгы 2018-жылы тартылган "Профиль" тасмасы. Англиялык журналисттин компьютер башында террордук топторду изилдөөсүн көрсөткөн тасма бир нече фестивалдарда баш байге алган. Бекмамбетовдун киного киргизген жаңылыктары муну менен гана чектелип калбайт. Ал продюсерлигин аркалаган "Хардкор" тасмасында окуя баштан-аяк башкы каармандын көзү менен көрсөтүлөт.

Үч үй-бүлө курган. Тимур Бекмамбетов үч жолу түтүн булаткан. Алгачкы жубайы тууралуу кеңири маалымат жок. Экинчи жолу кино тармагында эмгектенген Варвара Авдюшко менен 1999-жылы баш кошот. Тасмаларда сүрөтчүлүк кылган жары менен 20 жыл чогуу жашап, 2019-жылы эки ача жолго түшүшөт. Режиссёр ошол эле жылы үчүнчү жубайы Наталия Фишман менен баш кошот. 28 жаштагы Фишман азыркы учурда Татарстандын президентинин жардамчысы катары кызмат кылат. Бекмамбетовдун жалгыз кызы Жанна биринчи жубайынан. Ал да ата жолун жолдоп кино тартуу менен алектенет. Бекмамбетов АКШ жана Россияда жашайт. Режиссёрдун Лос-Анжелес шаарындагы үйү мурда Уолт Диснейге таандык болгон. Ал үйдү беш миллион долларга сатып алган.

Дагы: https://sputnik.kg/culture/20200625/1048796294/gollivuddu-bagyndyrgan-kazak-rezhisser-timur-bekmambetov-tuuraluu-7-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик