Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:28
2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?
22:23
Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуду
22:23
Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду
23:45
Январь айына 500 млн доллар менен кирдик – президент
23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
21:47
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
17:59
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет
17:58
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
17:56
Владимир Путин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
23:42
Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды
23:41
Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди
23:46
Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты
23:45
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды
23:45
"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат
23:44
Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды
20:42
Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
20:42
Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
20:39
"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы
20:37
Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды
20:36
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда
23:23
Баткен: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
23:17
Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту
23:16
COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду
Бардык кабарлар

Акаев байгесине автоунаа коюп... "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы кантип өткөн

Жан дүйнө
536
0

Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы масштабдуу иш-чарага миңдеген жергиликтүү тургун, ишкерлерден баштап, ондогон чет мамлекеттин өкүлдөрү да катышкан. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ошол ири салтанаттагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасы тууралуу 10 факты

Жылдап көрүлгөн даярдык. Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алып, ички чарбасын жолго салууга аракет кыла баштаган жылдары "Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө демилгеленген. Аны биринчилерден болуп Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары көтөрүп чыккан. Алгачкы кадамдары 1992-жылы эле башталып, Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев атайын Жарлык чыгарган. Ага ылайык, өкмөткө 1993-1995-жылга чейин пландарын карап чыгуу тапшырылып, мааракени өткөрүү жана уюштуруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлүп, даярдык көрүү үч жылга созулган. 

Трехэтажная юрта на праздновании 1000-летия эпоса Манас в Таласе. 1995 год
© SPUTNIK / АЛЕКСАНДР ФЕДОРОВ.
"Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөнү Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары демилгелеп чыккан. Алгачкы кадамдары 1992-жылы эле башталып, даярдык көрүү үч жылга созулган.

Кыргыздын каймактары башында турган. Эл аралык деңгээлдеги иш-чараны уюштуруу вазийпасы кыргыз интеллигенциясына жүктөлгөн. Анын башкы режиссеру Болот Шамшиев, көркөм жетекчиси драматург Бексултан Жакиев болгон. Андан сырткары, президент, өкмөт башчы, министрлер, эл өкүлдөрү, акын-жазуучу, окумуштуу да кирип, Кыргызстанда "1995-жыл — "Манас” эпосунун жылы" деп жарыяланган. 

Писатель Чингиз Айтматов и манасчи, дастанчи и общественный деятель Жусуп Мамай на праздновании 1000-летия эпоса Манас в Таласе
© SPUTNIK / АЛЕКСАНДР ФЕДОРОВ.
Башкы режиссеру Болот Шамшиев, көркөм жетекчиси драматург Бексултан Жакиев болгон. Андан сырткары, президент, өкмөт башчы, министрлер, эл өкүлдөрү, акын-жазуучу, окумуштуу да кирип, Кыргызстанда "1995-жыл — "Манас” эпосунун жылы" деп жарыяланган.

Дүйнө коомчулугу колдогон. Кыргызстандын "Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө демилгесин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы колдоп, аны дүйнө жүзүндө өткөрүү боюнча резолюция кабыл алган. Ал эми ЮНЕСКОнун генералдык директору Федерико Майор уюштуруу иштерине көмөктөшө тургандыгын билдирген.

Арманы - "Манас" көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты

КРге чет элдиктер агылган. Улуттук эпоско байланышкан салтанатты көрүүгө Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжандын башчылары, 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышкан. Мааракени чагылдырууга CNN, BBC, Reuter, France Press, Xinhua өңдүү чет элдик басылмалардын кабарчылары келген. Программада спорттук оюндар, бир топ маданий иш-чара, көргөзмөлөр уюштурулган. Алсак, чабандестер аттарын Ашхабаддан Таласка чейин чаап, көк бөрү ойнолгон. 

Зрители на праздновании 1000-летия эпоса Манас в Таласе. 1995 год
© SPUTNIK / АЛЕКСАНДР ФЕДОРОВ.
Улуттук эпоско байланышкан салтанатты көрүүгө Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжандын башчылары, 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышкан.

"Манастын” алдында бириккен эл. Эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын алкагында борбор калаада "Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси, Талас облусунда "Манас-Ордо” тарыхый-маданий жайы курулган. Ошондой эле музей ачылып, анын жанына "Президенттик аллея” түшкөн. Ири мааракенин камылгасына жөнөкөй элден тарта өлкө башчысына чейин катышкан. Алсак, Аскар Акаев ат оюндарынын байгесине жеңил автоунаасын койсо, малчылар спортчуларга малын берип, ишканалар түрдүү материалдык колдоо көргөзгөн. Карапайым эл эле кыска убакыт ичинде 800 миң сомдой акча чогултканга жетишкен. 

Торжественные мероприятия на праздновании 1000-летия эпоса Манас в Таласе. 1995 год
© SPUTNIK / АЛЕКСАНДР ФЕДОРОВ.
Эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын алкагында борбор калаада "Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси, Талас облусунда "Манас-Ордо” тарыхый-маданий жайы курулган. Ошондой эле музей ачылып, анын жанына "Президенттик аллея” түшкөн.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Манастын урпактары. Кыргызстандык жөө күлүктөр Төлөн Насырбеков, Сагынбек Токонов, Нургазы Мамакеев колуна "Манас-1000” туусун көтөрүп алып Бишкектен Стамбулга чейин чуркаган. Жалпы аралыгы 6 000 чакырым болгон жолду спортчулар 21-апрелден 7-июнга чейин багындырган. Эл Талас облусундагы "Манас” айылына миңден ашык ак боз үй тигип, дасторкон жайып кучак жайып чет элдик меймандарды тоскон. Мыкты уста, уздардын сегиз, он эки канат жана үч кабаттуу боз үйлөрү көпчүлүктүн назарына сунушталган. Мунун баары чет элдик меймандарды таң калтырбай койгон эмес.

Тасмаларына илимий мамиле жасачу. Убукеевдин "Манас ааламынан" таберик сүрөт

Боз үйлөр сынагында баш байгеге ээ болгон үч кабаттуу өргөө ушу тапта Ош шаарынын чок ортосундагы "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде тигилип турат. Ал окумуштуу-энциклопедист Лутфилла Жусупакматов жетектеген топтун колунан чыккан. 

Мальчик на коне на праздновании 1000-летия эпоса Манас в Таласе. 1995 год
© SPUTNIK / АЛЕКСАНДР ФЕДОРОВ.
Театралдаштырылган программа Кароол чокуда, ачык асман алдында өткөн. Ага каскадер, актер, студенттер, таластык тургундар, өлкөдөгү бүт маданият кызматкерлери катышкан.

 

Дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган илимпоздор. Беш күнгө созулган маараке жөн гана той сыяктуу болбостон, 40ка жакын өлкөдөн 150дөй окумуштууну чогултуп, 100гө жакын түрдүү эмгектердин кыргыз жана чет тилдерде басылып чыгуусуна өбөлгө түзүлгөн. Жыйынтыгында "Манас” декларациясы кабыл алынып, киночулар бир катар тасмаларын көрүүчүлөргө сунуштаган.

Таласта чогулган маданият өкүлдөрү. Иш-чараны жыйынтыктоочу бөлүгүнө миңдеген маданият кызматкери катышып, ага оң миңдеген көрүүчү күбө болгон. Ошол кезеңди драматург, жазуучу Бексултан Жакиев мындайча эскерет:

"Таласта өткөн спектаклдин сценарийин жазып, көркөм жетекчиси болуп бардык ишине катыштым. Мен ал кызматка келгенге чейин жогору жактагылар эки жумалык программаны бекитип коюшуптур. Мен "бул убакыт аралыгында коноктор гана эмес, биз дагы бири-бирибизди көргүбүз келбей калат" деп айтып, беш күндүк программа түзгөм. Аны Таласта эмес, Ысык-Көлдө, Баткенде, Суусамырда өткөрөбүз деп да чыгышкан. Биз Кароол чокунун жанында өткөрөбүз деп чечим кабыл алганбыз. Ачык асман алдында, ээн талаада театралдаштырылган программа өтүп, каскадер, актер, студенттер, таластык тургундар, өлкөдөгү бүт маданият кызматкерлери барган. Алардын санын санаган да эмеспиз".



Дагы: https://sputnik.kg/culture/20200830/1049469512/manas-ehposunun-1000-zhyldygyn-belgiloo-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик