Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
Бардык кабарлар

"Чоңко эненин" жомогуна канып... Бексултан Жакиев жөнүндө 8 факты

Жан дүйнө
97
0

25-апрелде, белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев дүйнө салды. Январь айында 85 жашка толгон жазуучу акыркы учурда ооруп жүргөн экен.

Кыргызстан агенттиги улуу драматург, заманынын залкары аталган улуу инсандын өмүрүнүн айрым урунттуу учурларына токтолуу менен факты даярдаган.

Бул материалды даярдоого ачык маалымат булактар жана Бексултан Жакиевдин маектеринде айтылгандар колдонулду.

Бала чагы, "чоңко эненин" тарбиясы. Бексултан Жакиев Улуу Ата Мекендик согуштан мурдараак туулган. Тагыраагы, 1936-жылдын 16-январында Ысык-Көл районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген.

...Бексултан Жакиев чоң атасы Абийир аксакалдын колунда чоңоёт. Эки чоң энеси болгон. Чоң апасынын бири казан-аякка көп киришпей, бала тарбиялоо милдетин алган өңдүү. Ал киши дайыма небере-чөбөрөлөрүнүн бирин жонуна, бирин колуна көтөрүп, дагы бирөөнү жетелеп эшиктеги дөңгө отуруп алып, жомок десе чынга, чын десе жомокко окшош окуя, аңгеме, эпосторду айтып берчү экен. Алардын бири — "Эр Табылды" эпосу экенин драматургдун өзү эскерген жайы бар.

"Чоң энемди Имаш деген иним тили келбей Чоңко эне деп койчу. Аны туурап биз дагы, бизди туурап айылдагы балдар да "чоңко эне" деп чакырышчу. Ошол энебиз жомокторду жана Эр Табылдыны көрүп келгендей, жанында жүргөндөй укмуштуудай айтчу", — деген Жакиев балалыгы тууралуу айтып берип жатып. 

Кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссер Лилия Турусбекова, писатель Бексултан Жакиев и режиссер Геннадий Базаров, 1974 год. Фрунзе
© SPUTNIK / АЛЕКСАНДР ФЕДОРОВ
Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссёрлор Лилия Турусбекова жана Геннадий Базаров менен

Классташы — залкар Төлөмүш Океев. Белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океев экөө 1-класстан 8-класска чейин бир класста, бир партада отурган классташ болушат. Бирок 8-класстан Төлөмүш Океев Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаары — ред.) №5 мектеп-интернатында окуп калат.

Жакиев бул тууралуу: "7-классты бүткөндөн кийин жайлоодон келсем, Төлөмүш менен дагы бир теңтушубуз Сакен экөө борбордогу №5 интернаттан окуйбуз деп документин жиберишиптир. Мени да "жүрү" дешкенден документимди Сакенден берип жибердик. Ошентип, 30-августта экзамен берип өтүп кетишти, мен ал күнү барбай калып окубай калдым. Анан "үйгө кантип барам? Эми эл эмне дейт?" — деп сарсанаа болуп Төлөмүш экөөбүз киного баратып тааныш балдарга жолугуп калдык. Алар финансылык техникумга балдар керек экенин айтышкандан, кийин ал жакка барып өтүп кеттим. Ал кезде азыркы орус драма театры турган жерде театр болор эле. Анда операсын да, кыргызча спектаклдерди да коёт экен. Анан күндө келип "Отеллону", "Ажал ордуна", "Алтын кыз", "Запорожец за Дунаем" деген пьеса, операларды көрдүм. Күндө эле бара берген окшойм, бир күнү барсам эле театрдын тегереги жымжырт. "Артисттер күндө эле жыргап оюн коё беришпейби" деп таң калып жатпайымбы. Көрсө, алардын да жумушу кыйын, артисттер да чарчайт экен да. Ошентип 10-сентябрда чоң атам катуу ооруп жаткандыгы тууралуу телеграмма келди. Мен дароо эле даярданып Балыкчыга бир конуп жетип барсам, ал киши сопсоо таш жолдо ат минип кетип бара жатат. Алдап коюшканын дароо түшүндүм. Ачуум келип "кайра кетем" деп чыктым. Бирок эртеси абалды түшүнгөн соң, айылдагы мектепте окуп калдым. Ошол 8-класстан баштап мектепте спектаклдерди коюп баштагам", — дейт маектеринин биринде.

 

А негизи Бексултан Жакиев чоң атасын абдан жакшы көргөн. Фрунзедеги театрдан көрүп келген пьесалардын таасири менен ал мектептен "Ажал ордуна", "Алтын кыз", Кубанычбек Маликов менен Аманкул Куттубаевдин "Биз баягы эмеспиз" деген драмаларды коёт. "Ажал ордуна" драмасында Искендердин ролун өзү аткарат. Кийин студенттик жылдарында тайпалаштары менен бирге "Курманбек" драмасын койгон. Мында Курманбек менен калмактын каны Дорунун согушкан жерин сахналаштырат. 

Режиссер Толомуш Океев, писатель Бексултан Жакиев и драматург Мар Байджиев в Бишкеке. 1995 год
© SPUTNIK / АЛЕКСАНДР ФЕДОРОВ
Режиссёр Төлөмүш Океев, жазуучу Бексултан Жакиев жана драматург Мар Байжиев

Таланттар бирге окуган студенттик жылдар. Жакиев 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетине тапшырат. Бексултан Жакиев 1960-жылдары мыкты жазуучулар, кийин маданият, адабият чөйрөсүнө жарыгы тийген белгилүүлөр менен бир курста окуган. Алар: Камбаралы Бобулов, Сейит Жетимишев, Ашым Жакыпбеков, Чөкү Дөөталиев, Жалил Садыков, Сарман Асанбековдор.

Жалаң дөө-шаалар чогулган топтогу студенттер университетте адабий ийрим менен драма кружогун уюштурушат. Алар ар кандай драма, спектаклдерди коюп, айылдарды кыдырган да учурлары болгон экен.

Чыгармалары. Жакиевдин драмаларынын көбү адам турмушунун көйгөйлөрүнө арналган. 1964-жылы "Миң Кыял", 1967-жылы "Алтын аяк", 1972-жылы "Өкүм", 1975-жылы "Эртең - жаңы жыл", 1979-жылы "Жолугушуу", 1981-жылы "Күттүргөн жаз да келер", 1982-жылы "Саадак какты", 1989-жылы "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", 1990-жылы "Жаза" жана башка драмалары жарык көргөн. Ушул кезге чейин актуалдуулугун жоготпогон "Атанын тагдыры" драмасы боюнча опера (Гусев) жазылса, "Саадак какты" драмасы боюнча балет (Жумабаев) коюлган. Анын кээ бир чыгармалары казак, якут, орус жана башка тилдерге которулуу менен чет өлкөлөрдөгү театрларда да коюлуп жүрөт.

 

"Манасты" эл билсин деп. Бексултан Жакиев 2011-жылы "Манас" эпосунун кыскарган эмес кичирейтилип, чакан кылып жасалган вариантын иштеп, басмадан чыгарган. Жазуучу эпостун көлөмү чоң болгондуктан анын 99 пайызын эл билбей бара жатканын эске алып, аны кичирээк көлөмдө чыгарууну көздөйт. Муну "Манастын" 1000 жылдыгында эле өкмөткө сунуш кылган.

Бул вариант боюнча жазуучу: "Кысылган вариантта окуяларды, сюжетти эч кыскартпай, тек гана аны кысуу, ашыкча кайталоолордон тазалоо жолу менен иштеп чыктым. Бул – окууга оңой, окурмандын кайсы катмарына болсо да кабыл алууга ыңгайлуу", – деген. Анын бул эмгеги өзбек тилине да которулган. 

Писатель Чингиз Айтматов, актриса Жамал Сейдакматова, сценарист и режиссер Геннадий Базаров, писатель и драматург Жакиев Бексултан, актриса Бакен Кыдыкеева в Доме кино.
АЛЕКСАНДР ФЕДОРОВ
Жазуучу Чынгыз Айтматов Кино үйүндөгү чыгармачыл инсандар менен

Маданиятты өнүктүрүү менен алектенген Жакиевдин эмгек жолу... 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, андан кийин киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган. Эмгек жолун окутуучу болуу менен баштаган. 1963-1968-жылдары "кыргыз кереметине" көп кинолорду берген  "Кыргызфильм" киностудиясында редактор болгон. Маданият министрлигинде иштеп, анан кайрадан 1972-1975-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редакторлук ишти аркалаган.  Бул учур да кыргыз киносунун гүлдөө доору эле. 1988-1992-жылдары Кыргыз театр ишмерлери союзунда катчы болуп эмгектенген. 1994-2000-жылдары "Манас 1000” мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси жана директору, 1994-жылдан тарта КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеген. Бул аралыкта драматург Жакиев кыргыз маданиятынын байышына, өсүшүнө өзүнүн билимин, тажрыйбасын жумшады.

Жазуучу 80 жылдык мааракеден баш тарткан. 2016-жылы Бексултан Жакиев өзүнүн 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүдөн баш тарткан. Ал киши мындай чечимин өсүп келе жаткан муунду туура багытка тарбиялоо башкы маселеге айланып жаткандыгы менен түшүндүрүп, той-мааракелерге кетүүчү каражатты маданиятты өнүктүрүүгө жумшоо керектигин билдирген. Чындыгында бул жакшы саамалык болгон.

Ошентсе да белгилүү драматургдун 80 жылдыгына карата республикада китеп көргөзмөлөр, агартуучу маданий иш-чаралар өткөн. 

Герой Кыргызстана, народный писатель КР, драматург и кинодраматург Бексултан Жакиев
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев январь айында 85 жашка толгон. Жазуучу акыркы учурда ооруп жүргөн

Үй-бүлөсү, сыйлык-наамдары. Бексултан Жакиев жубайы Сабира Турсункулова экөө 65 жылдай бирге өмүр сүрүштү. Алар эки уул, бир кызды тарбиялап, тууруна кондурушкан. Кызы Гүлмира Жакиева Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыка факультетинин деканы болуп эмгектенет.

Белгилүү драматург Бексултан Жакиев 1974-жылы Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, 1989-жылы КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, 1993-жылы Кыргыз эл жазуучусу жана III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалынын ээси болгон. Ошондой эле боордош казак элинин да мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылган. 1994-жылы Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон. 1999-жылы Казакстандын Астана медалы менен сыйланган. Ошону менен катар Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам - Кыргыз Республикасынын Баатыры ыйгарылган.


Дагы: https://sputnik.kg/society/20210425/1052256729/beksultan-zhakiev-tuuraluu-kyzyktuu-faktylar.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик