DataLife Engine > Жан дүйнө > Ашууларда кар жаап жатат, чиркегичи бар оор жүк ташуучу унааларга чек коюлду

Ашууларда кар жаап жатат, чиркегичи бар оор жүк ташуучу унааларга чек коюлду

Кыргызстандын ашуудагы жолдорунда учурда кар жаап жатканы менен жеңил жана жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө. Төө-Ашууда чиркегичи бар фуралардын каттамына чектөө коюлду. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Төө-Ашуунун 132-чакырымынан 209-чакырымына чейин кум себилип жатат.

"Анткен менен чиркегичи бар фуралардын каттамына чектөө коюлду. Суусамыр — Талас — Тараз кан жолунун Өтмөк ашуусунун нөлдөн тарта 52-чакырымына чейинки аймакта тайгалак. Кардын жааганы токтогон жок. Нөлдөн 9-чакырымга чейинки жолдогу кардын калыңдыгы 5-6, ал эми 9-21-чакырымда 12-13 сантиметрге жеткен. Жолдун кийинки он чакырымында кардын калыңдыгы 10 сантиметрдей бар", — деп билдирди аталган министрликтен.

Ал эми Ала-Бел жана Көк-Бел ашуулардында да жолдорду тазалоо жана кум себүү иштери жүрүүдө.

 

Башка ашууларда каттамдар үчүн жол ачык, ал жактарда да жолду тоңдон арылтуу иштери жасалып жатканы айтылды. Транспорт жана байланыш министрлигинен айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөр менен жолго чыгууну, тайгак жолго керек болгон шаймандарды өзү менен кошо ала жүрүүнү эскертти.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20181112/1041955161/kar-zhaady-ashuularda-abal-kanday.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад