DataLife Engine > Жан дүйнө > Насыр Давлесовдун "Жол жоргосу" окуу жайларга таратып берилет

Насыр Давлесовдун "Жол жоргосу" окуу жайларга таратып берилет

Насыр Давлесовдун 90 жылдыгына карата "Жол жорго" чыгармасынын оркестрдик партитурасы партиялары менен толук жазылып чыкты. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Эмгекти жакынкы күндөрдө көбөйтүп, оркестрлерге, университет жана музыкалык окуу жайларга таратып берүү пландалууда.

 

Бул туурасында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов КРдин Композиторлор союзунун мүчөлөрү менен жолугуп, аталган тармактын күнгөй-тескейи талкууланып жатканда кеп кылган.

"Жыйын эркин форматта өтүп, музыка ышкыбоздорунун учурдагы көйгөйлөрү, жасалып жаткан иштер жана ийгиликтер талкууланды. Алдыда музыка тармагындагы бардык кызматкерлердин башын бириктирген конференция өткөрүү, учурдагы музыкалык билим берүү тармагындагы өксүктөр, операда жана театрларда коюлуп жаткан опералар жана андагы репертуар маселеси, автордук укук темалары талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Айтмакчы, композиторлор арасында аталган министрлик атуулдук, лирикалык жана балдар темасындагы ырлар арасында конкурс жарыялаган.

Дагы: https://sputnik.kg/culture/20190627/1044840886/davlesov-zhol-zhorgo-muzyka-kompozitor.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад