DataLife Engine > Жан дүйнө > Байге фонду 100 000 сом! Мыкты реквием жазгандарга сынак жарыяланды

Байге фонду 100 000 сом! Мыкты реквием жазгандарга сынак жарыяланды

Тандалган чыгармалар концерттик программаларда коюлуп, маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка чыкмакчы.

Кыргыз композиторлорунун арасында реквием жазуу боюнча республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, сынак Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата уюштурулуп жатат.

"Максаты симфониялык оркестр, хор коллективдердин, анын ичинде балдар хорунун, вокалисттердин чыгармачылыгын жаңы репертуар менен толуктоо болуп саналат. Ошондой эле мекенди сүйүү, даңктоого үндөө, тарыхты так билүүгө чакыруу, бийик деңгээлдеги көркөм чыгармаларды жаратуу максатын көздөйт", — деп жазылат маалыматта.

Тандалган чыгармалар концерттик программаларда коюлуп, маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка чыгат.

Шарттары:

— сынакка жиберилген ноталар, тексттер жана жаздыруулар девиз же шифр менен белгиленет. Девиз же шифр жазылган жабык конверттин ичинде чыгарманын аты, автордун ысымы, үйүнүн дареги, байланыш телефондору көрсөтүлүшү зарыл;

 

— сынактын материалдары КРдин Композиторлор союзунда (Бишкек ш., Раззаков көчөсү, №50) кабыл алынат;

— композиторлордун чыгармалары партитура, дирекцион же клавир түрүндө 2020-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынат. Ар кандай вариантта жаздырууга мүмкүнчүлүгү барлар аудио жаздыруу кошуп койсо болот;

— сынакка коюлган реквием формасы боюнча классикалык жанрда, мазмуну боюнча кыргыз фольклору (манас кайрыктары, кошок, арман ырлары ж.б.) камтылышы шарт;

— мурда жарык көргөн, жарыяланган, аткарылган, сынактарда сыйлыкка ээ болгон чыгармалар катышпайт.

Баса белгилей турчу жагдай, реквиемдин сөзүн жазган акынга калем акынын 25 пайызы ыйгарылат.

Сынактын байгеси:

1-орун — 100 000 сом

Композиторго — 75 000 сом, акынга — 25 000 сом;

2-орун — 75 000 сом

Композиторго — 52 500 сом, акынга — 17 500 сом;

3-орун — 50 000 сом

Композиторго — 37 500 сом, акынга — 12 500.

7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү катары белгиленип келет. 2010-жылдагы апрель окуяларында 123 адам каза болгон. "Ала-Тоо" аянтында 77 адам көз жумуп, 400 киши ар кандай жаракат алган. 36сы кийин каза болгон.

Дагы: https://sputnik.kg/culture/20200108/1046703236/mykty-rekviem-zhazuuga-synak-zharyyalandy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад