Бүгүн:

Акыркы кабарлар

20:50
Министрлер кабинетинин башчысы «Чынгыз-Ордо» комплексинин курулушу менен таанышты
20:48
Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалы ачылат
19:08
Улукбек Марипов Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты
19:02
Бишкек шаардык кеңешинде эки фракция оппозицияда калды
19:00
Чүйдө беш үйдү тоноого шектелип төрт адам кармалды, бирөө өспүрүм
18:58
Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу
22:14
MegaCom жана 3 банктагы үлүштү сатуу боюнча мыйзам долбоор парламентке түштү
22:14
Акимдер чуусу. Депутаттар Жапаров сунуштаган 4 мыйзамды колдоого макул болду
22:13
Бостериге бир күнгө барып набыт болгон бала. Аким аквапарк боюнча жооп берди
22:12
Экономикалык өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам жактырылды. Ал эмне үчүн керек
18:50
«Манас» аэропортунун биринчи жарым жылдыктагы кирешеси 1,6 млрд сомдон ашты
18:48
Шайлоо -21: Чайдан кийин жибиген мамиле, көтөрүлгөн босого чек
18:43
Акылбек Жапаров экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады
18:42
Кадыр Маликов муфтийдин орун басарлык кызматынан кетүүнү чечти. Себеби
18:41
Мен сизге окшобойм! Шайлдабекова депутаттарга тиш кайрап спикерден эскертүү алды
18:40
QazVac вакцинасын жеткирип келген казак окумуштуусу препарат тууралуу айтып берди
16:06
Токтогул ГЭСине коюлуучу гидроагрегаттын дөңгөлөгү алып келинди
16:03
Сот Асылбек Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн узартты
16:03
Депутат Төрөбай Зулпукаровдун абактагы мөөнөтү эки айга узартылды
16:02
Тажикстандын ТИМи афганистандыктарды кабыл алуу боюнча үн катты
16:01
"Кыргыз темир жолу" жаңы вагондор менен тепловоздорду сатып алат
16:00
Жапаров Масадыковду кабыл алып, аны кызматка дайындаган максатын түшүндүрдү
23:14
Путин Өзбекстан, Казакстан президенттери менен афган кооптуулугун талкуулады
23:14
Баткендеги атышуу: Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара жетекчилери сүйлөштү
23:13
Дастан Жумабеков Көк бөрү федерациясынын Таластагы жетекчиси болуп шайланды
23:10
Аптаптуу ысыктан кантип сактаныш керек? Министрлик сунуштаган 10 кеңеш
23:08
Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот
23:06
ИИМ башчысынын орун басары Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы жол тескөөчүлөрдү текшерүүгө алды
16:01
Бишкек: каржылык пирамида түзгөн шектүүлөр кармалды. Акчанын суммасы асман чапчыйт
16:00
Жактоочу: Атамбаев 9-октябрдагы башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө
16:00
Жапаров Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, Кыргызстанга чакырды
15:59
УКМК: бүгүн кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду
12:06
Министрликтер Германиянын компаниялары менен онлайн режиминде жолугушууларды өткөрөт
12:04
“Фактчек”: көлдө Жапаров менен сүрөткө анын ири демөөрчүсү түшкөн
12:01
Жапаров мамлекеттик резиденцияга барган депутаттар менен эмнени талкуулады
12:00
Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынан 5 киши каза болду
11:58
Кыргызстанда бул күндөрү 20 миңден ашуун киши COVID менен күрөшүп жатат
23:35
Марипов: Максат айылындагы орто мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алат
23:33
Балыкчыда саатына 3 миң тоок сойгон ишкана ачылды
23:31
Олимпиада ачылышында КРдин туусун эки спортчу көтөрүп чыкмай болду. Себеби
23:30
Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен аймагында ири аскердик машыгуу өткөрөт
23:29
Сыйлыгы болсо камалбайт. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө каралган кепилдиктер
20:54
Статком: Кыргызстанда кээ бир азык-түлүктөр арзандады
20:53
Министрлик: тажик студенттерине кысым болгон эмес, жардам берилген
20:52
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси чыкты. Аты-жөнү
Бардык кабарлар

Катты абактан жазып жатам… Өмүрбек Бабанов элге кайрылуу жасады

Жаңылыктар / Аналитика
1 626
0

Кумтөр иши боюнча коррупциялык ишке шектелип УКМКнын тергөө абагына киргизилген саясатчы Өмүрбек Бабанов кыргызстандыктарга кат аркылуу кайрылды. Ал катты тергөө абагынан жазганын белгилеген.

Саясатчы абийири таза болгондуктан башын бийик көтөрүп жүрөрүн айткан.

"Кымбаттуу кыргызстандыктар! Мен бул катты УКМКнын тергөө абагынан жазып жатам. Менин эрким бекем жана үмүтүм чоң, анткени чындык баары бир жеңет. Мен башымды бийик көтөрүп жүрөм, анткени менин абийирим таза жана ишим туура", — деди Бабанов.

Ал сот боюнча пикири менен дагы бөлүшкөн.

 

"Мен жактоочуларым менен соттук териштирүүгө журналисттерди киргизүүнү абдан сурандым. Эгер мен корко турган нерсе болсо, журналисттерди киргизгиле дейт белем? Тилекке каршы, сот бул өтүнүчүбүздү канааттандырган жок, залда аудио-видео жазуу жүргүзүлөт, аны кийин алса болот деген. Бирок соттук териштирүүдөн кийин видеоматериалды берүүдөн баш тартышты. Менин жактоочуларым расмий түрдө өтүнүч кылганы менен, сот техникалык себептерден улам жазылбай калыптыр деп жооп берип койду.

 

Судья эмнеге алдайт? Соттук териштирүү түшүрүлгөн видеону бергенден коркуп жатышат. Себеби соттогу абсурдду видеожазуудан бардыгы көрө алмак. Тергөөчү менен прокурор бир да суроого жооп бере албай башын жерге салып турушту. Анткени алар бир нерсени билишкен – мага коюлуп жаткан айып эч нерсеге жарабаган, акылга сыйбаган айыптоо", — деди Бабанов.

Саясатчы премьер-министр болуп турган кезде Кумтөр маселесин көтөргөн бирден бир аткаминер болгонун белгиледи.

 

"Ким Кумтөрдөн 16 300 гектар жерди мамлекетке кайтарды? Ким Жогорку Кеңештин чечиминен кийин дароо мамлекеттик комиссия түздү? Премьер-министрлердин ичинен кимиси "Центерранын” экологиялык кылмыштарын эл алдында ачыктап, келишимди өзгөртүү керек деп айтып чыкты эле? Ким Кумтөрдү калктын начар жашаган аярлуу катмарына жардам катары 21 миллион доллар бөлүп берүүгө мажбур кылды эле? Мени ушул иштерим үчүн соттоп жатышабы?.." — деп суроо салды ал.

 

Айыптоочу тараптын Бабанов премьер-министр кызматында турганда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын убактылуу депутаттык комиссиянын отчётуна каршы добуш берүүгө "үндөгөн” дегени боюнча дагы комментарий берген.

"2010-2012-жылдар Жогорку Кеңештин депутаттары өз алдынча жана өкмөттөн көз каранды эмес учуру катары тарыхта калды.
Жогорку Кеңеш мени жана менин өкмөтүмдү кандай катуу сындаганы эсиңиздерде болсо керек. Бизди отставкага кетирүүгө аракет кылып, ишеним көрсөтпөө жарыялашкан. Жыйынтыгында, алар максатына жетип, коалицияны ыдыратып, мен 31-августта отставкага кеттим.

 

Керек болсо "Республика" фракциясындагы менин үзөңгүлөштөрүм да бир кылка эмес, өз көз караштарына жараша добуш беришкен. Арасында "макул” же "каршы” добуш бергендери да бар, добуш бербей койгондору да бар. Ушунун өзү керек болсо фракциядагы депутаттар да чечимди жеке өздөрү кабыл алган дегенди далилдеп турбайбы", — деди саясатчы.

 

Бабанов мөңгүлөр боюнча мыйзамга дагы каршы чыкканын айтты.

"2016-жылы парламентке Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн өздөштүрүү тууралуу мыйзамды алып келишкенде жеке мен жана биздин фракция каршы добуш бергенбиз. Бул менин "Центеррага" системдүү түрдө каршы чыгып жүргөнүмдүн дагы бир далили. Мага 2012-жылдын акырына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк бербей коюшканы өтө өкүнүчтүү – биз Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн сөзсүз түрдө 70 пайызга жеткирип, Кыргызстан өзү Кумтөрдү башкарып калмак", — деди ал.

Бабанов ал үчүн жашоодогу эң кымбат нерсе — бул анын фамилиясы экенин кошумчалаган.


https://sputnik.kg/society/20210607/1052766130/omurbek-babanov-kyrgyzstandyktarga-kat-zhazdy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно