Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:32
Жаздык эгиндерди себүү былтыркы жылга салыштырмалуу 1,3% азайды
19:22
ИИМ: тергөө кызыкчылыгынан улам Инандыны издөө иши толук жарыяланбайт
19:22
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
19:19
Сабиз менен картошканы сыртка сатууга тыюу салынат
17:17
Бийлик өкүлдөрү суу эмнеге кескин азайып кеткенин түшүндүрдү
17:15
Жасалма диплом жасатып, чырга аралашкан жетекчилер менен депутаттар
17:14
Башкы прокуратура: алимент төлөбөгөндөр Кылмыш кодекси менен жазаланышы керек
14:53
Кыргызстанда бардык медициналык мекемелерге POS-терминал коюлат
14:52
Муфтият Курман айттын болжолдуу датасын айтты
14:51
Кыргызстан тышка сатууга тыюу сала турган азыктардын тизмеси
14:50
Кыргызстан Казакстанга эмнеге кошумча суу берип жатат? Түшүндүрмө
21:09
КГК: "Кумтөр" компаниясы бир гана Кыргызстандын мыйзамдарына баш иет
21:07
Чүйдө кыргыз-түрк өнөр жай аймагын ачуу пландалып жатат
21:06
Камерасын ыйлаткан да, кубанткан да жылкычынын баласы. Кадыржан Кыдыралиевди эскерүү
15:32
Футбол боюнча Кыргыз курама командасы өз тарыхындагы эң ири жеңишке жетишти
07:30
Садыр Жапаров Түркиядан Кыргызстандын коргоонуу күчүн бекемдөөгө жардам сурады
05:30
Кыргызстан алдыдагы эки жылда 5G технологиясын киргизүүнү пландоодо
23:29
АУЦАнын президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан кетүүнү чечти
23:26
Кой-Таш окуясында жабыркаган Курманкуловго генерал-майор погону тапшырылды
23:25
Эдуард Кубатов: Эверестке баратканда өзүмдү жоготуп койгон учур болду
23:23
Жапаров менен Эрдоган көзмө-көз жолукту. Козголгон маселелер
23:10
Марипов менен Кудайбергенов Бишкекти өнүктүрүү маселелерин талкуулады
23:07
Муфтият: Мечиттерде 11-июндан баштап жума намаз окулат
23:06
Кытайлык инвесторлор КРнын өнөр жай паркына 20 млн доллар салат
23:05
Энергетика жана өнөр жай министри болуп Доскул Бекмурзаев дайындалды
23:04
Орхан Инанды Түркиянын элчилигиндеби? КР бийлигине жооп айтылды
23:02
Таласта Бабановдун тарапташтары митингге чыкты
20:01
Нефтетрейдерлер ассоциациясы: июнда бензиндин дагы 2 сомго кымбатташы күтүлүүдө
20:00
Прокуратура 731 миң сомдук жер тилкеси ит бекер сатылганын аныктады
19:59
Катты абактан жазып жатам… Өмүрбек Бабанов элге кайрылуу жасады
19:57
Кудай көрүп турат. Жапаров видеосун көрсөткөн мас судья өз версиясын айтты
11:51
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,5 млрд куб метр
11:49
Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпиону болду
16:59
Бишкек мэриясы: маршруткалар акырындык менен ишке чыга баштады
16:59
Бир суткада 337 кишиден коронавирус табылып, 5 бейтап көз жумду
16:58
Орхан Инандынын аялы жана тарапташтары элчиликтин алдына чогулушту
19:23
Президенттин туугандарынын атын жамынып, кылмышка барган дагы бир жаран кармалды
19:16
УКМКнын башчысы К.Ташиев Кичи-Алайда тик учактын кулашынын себебин айтты
16:31
1,2 млн. доллар алмак. Садыр Жапаровдун агасынын атын саткандар кармалды
16:30
Ташиев жакын арада Тажикстандын УКМК төрагасы Ятимов менен жолугарын билдирди
16:29
Алайда аскердик тик учак куладыбы? Расмий органдардын жообу
19:58
Тазабек Икрамов ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы болду
19:57
Маршруткалардын айдоочулары эртең дагы жумушка чыкпашы мүмкүн
19:57
Бишкек милиция: Орхан Инанды Кыргызстандын чек арасынан өткөн эмес
15:24
Ат-Башыда сибирь жарасына кабылган тургундар ооруп өлгөн уйдун этин каякка сатышкан?
Бардык кабарлар

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

Жаңылыктар / Ош жаңылыктары
5 920
0

Акыркы 10 жылдан бери  Кемпир-Абад суусактагычына жакын жайгашкан Ош областынын  Кара-Суу  районунун Савай айыл өкмөтүнүн,  Өзгөн районунун Куршаб, Төрт-Көл, Ана-Кызыл  айыл өкмөттөрүндө   жер кыртышы бузулуп кеткен. Топурактын нымдуулугу жогорулап, камыш басып, үлүш жерлерге эч нерсе өспөй калган.   Бул экологиялык көйгөйлөрдүн баардыгы Кемпир-Абад суусактагычынын айынан келип чыгууда. 

СССР суусактагычты эмне себептен курган?

Совет мезгилинде  Өзбекстанда  СССР боюнча эң көп  пахта өндүрүрүлгөн. Жылына  бир миллион тоннага чейин  түшүм алышкан. Өзбекстандык дыйкандар бул көрсөткүчтү  1,5 миллион тоннага чейин көтөрүүнү максат кылган.

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

Фото: Андижан областындагы пахта талаасы

Бирок,  бул максаттарын ишке ашыруу үчүн Өзбекстанда ал убакта сугат суу тартыш болчу. 

Өзбекстандын сугат суу маселесин чечүү үчүн  Өзгөн районунун аймагына, Кыргызстандын тоо кыркаларынан агып келген  Кара-Дарыя менен Жазы дарыясынын сууларын топтоп бере турган, Кемпир-Абад суусактагы куруу чечими кабыл алынган.

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

Фото: Кемпир-Абад суусактагычынын курулушу жүрүп  жаткан учур

Кемпир-Абад суусактагычы  Кемпир-Абад  дирекциясы тарабынан 1978-жылы курулуп, ошол эле жылы  эксплутацияга берилген.

Кемпир-Абад суусактагычы кимге таандык?

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

Фото: Кемпир-Абад суусактагычынын тарых-таржымалы сакталган документ

Кемпир-Абад суусактагычы   документтерде расмий  Андижан суусактагычы деген аталышта  катталган. Бирок жергиликтүү калк Кемпир-Абад деп  атап жүрүп, суусактагычтын ушул аталышы  элге көбүрөөк таанымал болуп калган.   Суусактагычтын платинасы турган жерде  Өзгөн районуна караштуу    5,5 миң гектар жер  бөлүнгөн.  Бул жерлерде айылдар,кайракы -эгин талаалары, үлүш жерлер болгон. Тургундар көчүрүлүп, Кемпир-Абадды куруу дирекциясы   14 миллион совет рублин компенсация катары төлөп берген. Платинанын жери үчүн  Кыргыз ССРинин министрлер советинин 1973 жылкы №81 токтомуна ылайык Өзбекстан Наманган областынан 2663 гектар, Фергана областынан 1013 гектар жерин Кыргызстанга  компенсация катары  берет деп чечилген.

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

Фото: Кыргыз ССРинин министрлер советинин №81-токтому.  Токтомдо даана жазылып турат, Өзбекстан канча жерди компенсация катары берүүгө милдеттендирилгени

Өзгөн районунун акиминин орун басаары  Алишер Бакышев ошол мезгилде сүйлөшүлгөндөй Өзбек тараптан компенсация тууралуу макулдашуулар толук аткарылбай калган дейт. 

"Ошондо Өзбекстан тарап бизге  Ош областынын аймактарынан жер берүүнү убада кылган, бирок толук берген эмес”,-деп кошумчалады Бакышев. 

Убадалар аткарылбагандыктан, кыргыз бийлиги  чек ара тилкелерин жылдырбай турганын билдиришип,  токтом кабыл алышкан.

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда талаш тартыштар жаралган экен

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

Өзбекстандын Кыргыз ССРине берген жообу

Азыркы учурда Өзгөн районунун мамкаттоосунда Кемпир-Абад суусактагычы Кыргызстандын балансында катталып турат.

Кемпир-Абад суусактагычынын пайдасы коңшуларга, зыяны бизге тийүүдө

Өзбекстан суусактагычты ийгиликтүү пайдаланып келет. Пахтасын коңшулар алгач пландаштыргандай   1,5 миллион тонна эмес, жылына 3,5 миллион тоннага чейин көтөрүп,  түшүм алганга жетишишкен. Бирок,  суусактагычтын зыяны  анын жээгиндеги жайгашкн айылдардын экологиясына терс таасирин тийгизип жатат. Анткени  жер кыртышы бузулуп, нымдуулугу жогорулап кеткен. Анын бир себеби, суусактагычка суу нормадан ашыкча топтолгон учун дешет адистер.

Руслан Акишев, Ош областтык суу чарба башкармалыгынын башчысы:  

"Кемпир-Абад суусактагычына сууну ашыкча топтоп коюшат,  мисалы нормага ылайык 905 млн3 (куб) болсо, алар 1200 млн3 (куб) топтошот. Бул албетте экология терс таасирин тйигизип жатат”.

Кемпир-Абаддын айынан Кара-Суу районунда 800 гектар, Өзгөндө 700 гектар айыл чарба жерлери жараксыз

Бүгүнкү күндө Кемпир-Абаддын айынан  Кара-Суу  районунун Савай айыл өкмөтүнүн айылдары, Өзгөн районунун Куршаб, Төрт-Көл, Ана-Кызыл  айыл өкмөттөрүндө   жер кыртышы бузулуп нымдуулугу жогорулап, сазга айланып, камыш басып, үлүш жерлерге эч нерсе өспөй калган.

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

дыйкан Апас Алмазов

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

2017-жыл Өзгөн. Дыйкандардын  саз басып кеткен үлүш жерлери

Дыйкан Апас Алмазовдун, Өзгөн районунун Төрт-Көл айылында 90 сотак жер үлүшү болгон. Учурда ал жерлеринин нымдуулугу көтөрүлүп отуруп 15 сотагы жараксыз болуп калыптыр.   

"Мурда буудай, жүгөрү, жашылчанын түрүн эгчик. Азыр эми шалыдан башка эч нерсе өспөйт. Шалыдан деле  тапкан пайдабыз аз. Анткени жер начар,  күрүчтү дарынын күчү менен өстүрүп жатабыз. 7-8 жолу дары берүүгө туура келип жатат. Сайдын суусу да жылдан жылга биздин жерлерибизди басып, жылып келе жатат. Менин үлүшүмдүн 15 сотагы суу астында калды. Бирок, налогду баарына төгөм, "как положено””,- дейт Апас Алмазов.

Кемпир-Абад суусактагычы Жалал-Абад областына да терс таасирин тийгизет

Суусактагычка жазга маал суу толгон мезгилде Өзгөн районундагы бир нече айылдарды сайдын суусу басып келет.  Ош областынын Өзгөн  районуна караштуу Төрт-Көл  айылынын тургуну, фермер Тургунбай Сарыков суу Кемпир-Абадка толгондон кийин артка агып, сайдагы сууларда көтөрүлүп айылды көздөй агат деп түшүндүрдү.

"Зыяны көп болуп жатат, бир жылы мектебибизге чейин жетип, суу каптап баары жогун кыйналганбыз. Жыл сайын суу көпүрөнүн үстунө чейин көтөрүлөт, 2 метр ашыгыраак көпүрөнүн үстүндө суу болот. Өзүңөр көрүп тургандай көпүрөнү бузуп кетип жараксыз. Кээде кайык менен аркы өйүзгө өтөбүз. Аркы өйүздө айыл бар, анан биздин айылдын көрүстөнү ошол жакта”.

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

2017-жыл, Өзгөн Ана-Кызыл айылындагы көпүрө

Жер кыртышынын нымдуулугу жергиликтүү элдин ден-соолугуна да терс таасирин тийгизип жатыптыр

Кемпир-Абад суусактагычынын жээгинде жайгашкан айылдардын бири Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн  Таширов айылынын тургуну  Саадатхан Шарабиддинова  өнөкөт ооруулар көбөйдү дейт. Себебин айылдыктар топурактык нымдуулугунан деп болжошууда. 

"Айылда оорукчандар көбөйгөн. Ар бир үйдө эле бронхит, муундары ооругандар полиартрит дейби ошол ооруу көп, туберкуллез көбөйүп кетти. Чымын, чиркей көбөйгөн акыркы 10-15 жылдан бери, мурда бул жер андай эмес болчу. ФАПтан  жайкысын пашахана кылып бегиле деп марли берет, бирок ал эми проблеманы чечпейт. Үйлөрүбүз ным жыттанып дубалдары көгөрүп турат. Сырость, элдин баарынын эле үйлөрү сырость. Деги соо үй жок”.

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

Динара Токторова, Ош областынын Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору

Динара Токторова,   Ош областынын Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору  Савай айыл өкмөтүндөгү тургундар арасындагы ооруулар тууралуу статистиканы көрсөттү.

  1. "2015 жылы -бронхит 8 учур, болсо 2016 жылы -15 учур.
  2. Полиартрит 2015 жылы -12 учур болсо, 2016 жылы 18 учур.
  3. Өнөкөт бөйрөк ооруусу -8 учур, 2016-жылы да 8 учур.

Нымдуулуктан 305 турак үй авариялык абалга келген

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндө 305 үй, нымдуулуктун кесепетинен  авариялык абалда. Айыл тургуну Малика Ганиева акыркы 20 жылда үч жолу үй куруп, үйлөрү  кулап калып, эми  төртүнчүсүн куруп баштаптыр.

"Үйлөрүбүз 10 жылга жетпей эле көчүп түшөт. Бул үйүбүздү салганыбызыга 5 жл араң болду, уже  дубалы түп жагынан эзилип урай баштады. Дагы үй баштап койдук эми, ал деле көпкө түтпөйт. Тапкан ташыганыбыздын баарын эле  эле курулушка кетиребиз. Башка жака көчүп кетели десек жерибиз жок, сатып алайлы десек акчабыз жок”.

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

2017-жыл Ош.  Кара-Суу району  Савай айыл өкмөтү Таширов айылы

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн жер адиси Алтынбек Кармышаковдун айтымында өкмөттүк деңгээлде бул жердеги үйлөрдү көчүрүү маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн экен, бирок чечилбептир.

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

2017-жыл, Ош.  Савай айыл өкмөтүнүн жер адиси Алтынбек Кармышаков

"19 үй-бүлөгө  финский үйлөр берилген. Жерлер берилип көчүрүлгөн. Кээ бири көчпөй койгон. Бирок нымдуулуктун айынан жабыркап жатышат. Туберкуллез көбөйүп жатат эле арасында. Көйгөйлөр  80 жылдарынан бери  баштаган. Экология боюнча чыгымдарыбызды эсептеп, анализ кылып чыгып билдирүү бергенбиз. Эсептегенде чыгымыбыз  31 миллион сомдон ашып кеткен болчу. Бул 2003 жылдарда болгон эсептөөлөр”.

Сазга айланып бара жаткан Савай айыл өкмөтүнүн көйгөйүн чечүү үчүн айылды курчата жабык дренаждарды куруу зарыл дейт КР өзгөчө министрлигинин калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Эрнест Дыйканбаев.

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

КР өзгөчө министрлигинин калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Эрнест Дыйканбаев

"Ошондо жер астындагы суулар дренаждар менен агып чыгып, жер кургак турушу мүмкүн. Ал эми эгин талааларына ачык дренаждарды куруу зарыл. Бирок коллектордук дренаждарды куруу чоң суммадагы каражатты талап кылат. Айыл өкмөттөрдүн бюджети бул чыгымдарды өз алдынча көтөрө албайт”.

 Өзбек тарап  Кемпир-Абад суусактагычына топтоп,  жазгы талаа иштери башталганда  кое берет. Ачканда   суу көп кирет.  Жалал-Абад областынын Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорун аралап  Кара-Дарыя менен агат. Ошол мезгилде дарыянын жээктеринде  жайгашкан айылдарын  суу алып кетүү коркунучу жаралат.  Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын жээктерди бекемдөө иштерине ашыкча чыгым кетирип, дамбаларды куруп убара тартат.

Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө

Аскат Кармышаков  Жалал-Абад областынын Сузак районунун Жийде айылынын тургуну:

"Жылда суу келет, үйлөрдү алып кеткен учурлары болгон, жээке жакын жашагандарды көчүргөн айыл өкмөт. Айыл чарба багытындагы жерлерибизди алып кетип биз жылда жазга маал кыйналабыз аябай”.  

"Тургундарга кооптуу жагдай жаралат. Жылда ашыкча чыгым коротуп жергиликтүү бийлик менен биргеликте жээктерди бекемдеп иштейбиз. Алдын алуу иштерин жүргүзүп адам өмүрүнө кооптуу жайларда активдүү иш алып барабыз. Бирок Өзбекстан тарапка сууну рационалдуу пайдалануу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жогору жактагылар жүргүзүшү керек”-дейт  КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Фергана суу ташкындарынан коргоо агенттигинин  Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн башчысы Сапарбай Ормонов.

Кемпир-Абад суусактагычын пайдалануудагн келип чыгып жаткан бул көйгөйлөрдү Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен биргеликте чечүүсү зарыл. Кыргыз өкмөтүнүн Ош областы боюнча өкүлчүлүгүнүн берген маалыматына ылайык Өзбек тарап менен учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр. Биз дагы бул материалды даярдап жатып Өзбекстан Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчисине жана Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисине   бир нече жолу кайрылуу жолдоп жооп ала албадык. Андыктан биздин чыгармачыл топ бул маселеге келечекте  дагы  кайрылабыз.    

Бул макала  Европа Биримдигинин колдоосу менен журналист Гулжан Алтымышбаева тарабынан даярдалды. Мазмуну "Бек Бол Эко Табият”  коомдук фонду менен журналист Г. Алтымышбаеванын  жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Автор: Гулжан Алтымышбаева.

Сүрөөтөрдүн автору: Бекжан Токтосунов.

Ош-Жалал-Абад-2017.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно