DataLife Engine > Жаңылыктар / Аналитика > Жарандык авиация агенттигине жаңы жетекчи келди. Ким дайындалды?

Жарандык авиация агенттигине жаңы жетекчи келди. Ким дайындалды?

Жаңы жетекчи бүгүн жамаатка тааныштырылган.

Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жолдор жана транспорт министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аны кызматтан алуу боюнча буйрукка өкмөт башчы 13-ноябрда кол коюп кеткен.

 

Бүгүн министр Бакыт Бердалиев агенттиктин жаңы жетекчиси Сталбек Шаршеевди жамаатка тааныштырган. Бир нече жыл мурда Шаршеев ушул эле кызматта жетекчинин милдетин аткаруучу болуп иштеп кеткен.

Министр Акышевдин буга чейинки ишине ыраазычылык билдирген. Ал аталган агенттикти 2016-жылдан бери жетектеп келген.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20201116/1050450021/aviaciya-agenttigi-zhany-zhetekchi.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад