DataLife Engine > Жаңылыктар / Коом жана проблемалар > Памирден келген 44 этникалык кыргызга Кыргызстандын паспорту берилди.

Памирден келген 44 этникалык кыргызга Кыргызстандын паспорту берилди.

... жана башка ушул сыяктуу укуктарга ээ болушу үчүн Кыргызстандын президенти аларга документ берүү тапшырмасын койгон.

28-апрелде, Ош облусунун Алай районунда Афганистандан келген памирлик 44 этникалык кыргызга Кыргызстандын ID-картасы берилди.

Вручение паспортов памирским кыргызам в Алайском районе Ошской области. 28 апреля 2021 года

Бул тууралуу Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирип, документ тапшыруу аземинен сүрөттөрдү жиберди.

Кабарчынын айтымында, этникалык кыргыздарга документти өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдраимов тапшырды.

Вручение паспортов памирским кыргызам в Алайском районе Ошской области. 28 апреля 2021 года

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө жалпы жонунан 106 этникалык кыргызга паспорт тапшырылды.

Вручение паспортов памирским кыргызам в Алайском районе Ошской области. 28 апреля 2021 года

"Этникалык кыргыздар билим алуу, ишке орношуу, мүлк алуу жана башка ушул сыяктуу укуктарга ээ болушу үчүн Кыргызстандын президенти аларга документ берүү тапшырмасын койгон", — дешти Мамкаттоодон.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Афганистандан этникалык 33 кыргыз Нарын жергесине балдарына билим берүү максатында келишкен. 2020-жылга чейин келип кошулгандарды жана кеткендерди эсептегенде алардын жалпы саны 50гө жеткен. Өткөн жылдын август айында Алай районунун Талды-Суу айылына салынган үйлөргө 10 үй-бүлө көчүрүлгөн.

Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 16-апрелиндеги жарлыгына ылайык, Кытай менен Афганистандан келген 111 этникалык кыргызга жарандык берилген.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20210428/1052289293/pamirlik-kyrgyz-pasport.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад